Германия Арабстанга курал-жарак экспорттоону расмий түрдө токтотту

ruРусский

 Mehr агенттигинин Deutsche Welle маалыматына шилтеме берип маалымдоосуна ылайык, Германиянын Экономика министрлигинин басма сөз катчысы  Philipp Jornitz 19-ноябрда маалымат жыйынында сөз сүйлөп, Арабстандын  оппозициячыл журналист Стамбулдагы консулдукта жапайычылык менен өлтүргөн кылмышына караштуу мындай деп билдирген: Сауд Аравияга курал-жарак экспорттоо толугу менен токтотулду.
Анадолу агенттигинин маалыматы боюнча, Сауд Аравия быйыл Германиядан ири көлөмдөгү курал-жарак сатып алган экинчи кардар болуп катталган.
Эске салсак,  Германия 2018-жылдын биринчи 9 айында Арабстанга 417 млн. еврого курал-жарак экспорттогон.

Комментарий жиберүү