Укук коргоочулар сауд ханзаадасын камакка алууну талап кылышты

Бул тууралуу Sputnik агенттиги Clarín гезитине шилтеме берип жазды. Укук коргоо уюмунун өтүнүчү саудиялык журналист Жамал Хашоггинин өлтүрүлүшүнө жана сауд коалициясынын Йемендеги аскердик кылмыштарына байланыштуу сот Ариель Лихого жөнөтүлдү. Буга чейин Washington Post гезити булактарга  шилтеме берип, АКШнын Борбордук чалгындоо кызматы Хашоггини өлтүрүү буйругун Сауд Аравиянын мураскер ханзаадасы берген болушу мүмкүн деген жыйынтыкка келишкенин жазган.

Сауд бийлигин ачык сындаган белгилүү журналист Жамал Хашогги 2-октябрда Сауд Аравиянын Стамбулдагы консулдугуна кирген боюнча дайынсыз жоголгон. Алгач Сауд Аравия журналист консулдуктун имаратынан чыгып кеткенин билдирген. Бирок сауд бийлиги 20-октябрда коомдук кысымдын күчөп жатканынан улам Хашоггинин өлүмүн моюнга алган. Айрым маалымат булактар журналисттин сөөгү кислотага эритилип жок кылынгандыгын кабарлашкан.

Комментарий жиберүү