Бир күндүк тамак-ашы жок отургандардан баян

ruРусский

Эл аралык Кызыл Крест комитетинин мүчөсү мындай деди: Согуштун кесепетинен курчоодо калган йемендиктер же тамак же дарыны ичүүнүн бирин гана тандап алганга мажбур. Ошондой эле Йемендин 15 млн. тургуну алдыңкы гигиеналык шарттарга ээ эмес.

Fars  агенттигинин Салматтык сактоо тобу: Душмандар Йеменди жер картасынан алып салууну көздөшүүдө. Кооз шаарлар, айылдар менен бийик эмеректерден азыр бул өлкөдө  чачыраган топурактар гана калды.
– Йемендиктер кара өзгөйлөрдүн кол салууларына 4 жылдан бери туруштук берип келе жатышат.
Колунда эч нерсеси жок, жылаң бут, курсагы ач, оорукчан Йемен эли дагы деле Аль-Сауд менен шериктештериние каршы туруштук беришүүдө.
Йемен бир канча жылдан бери курчоодо турат, бул курчоолор бейкүнөө аялдар менен балдарга өзгөчө зыянын тийгизди.
Арабстан-Америка коалициясы Йеменге ар кандай азык-түлүктөр менен дары-дармектердин киргизилүүсүнө тоскоолдук жаратышууда. Учурда бул өлкөнүн туругундары таза суунун жоктугунан түрдүү жугуштуу ооруларга чалдыгышууда. Ал эми ооруканалар, тез жардамдар, электр энергия менен таза суу каналдарынын кызматтары талкаланган. Ушуга карабастан йемендиктер өз мекенин душмандардан коргоп жатышат. Тилекке каршы эл аралык коомдордун буга карата көңүл коштугунан улам өлкөдө жана бүт дүйнөдө гуманитардык трагедия жаралды.
Бул маселе боюнча Эл аралык Кызыл Крест комитетинин Йемендеги өкүлү Мэрила Хадид менен болгон маегибизди сунуштайбыз.

Fars: Сауд Аравия коалициясы Йемендин ооруканаларына канча жолу кол салышты? Зыян тартуулар боюнча айта кетсеңиз?
-Өткөн жылы Йеменде гуманитардык мыйзам бузуулар көп  катталды. Негизи аскерлер өз операцияларын аткарууда жайкын тургундардын абалын эске алып, аларга зыян тийгизбегенге аракет жасашы керек эле.
Кызыл Крест комитети тирешишкен бардык тараптарды жайкын тургундардын коопсуздугун сактоолорун талап кылган. Ошондой эле бул талаптарда ооруканалар менен бейтапканаларга, тез жардам унааларына, мектептер жана электр энергия бекеттери менен суу жеткирүү каналдарына зыян келтирбөө камтылат.

 Fars: Жаракат алгандардын канчасы ооруканалардын жардамына муктаж жана алар эмне үчүн Йеменден чыгып, башка өлкөлөрдө дарылана алышпайт?
– Өлкө ичиндеги тыгындар жана “курчоого алынган” өлкөлөргө кирип чыгуу кыйынчылыктары бар. Бир тараптан байма-бай жааган бомбалар, элдин бейтапканаларга жетүүлөрүнө кедерги жаратууда. Мындан тышкары ооруканалардагы керектүү шарттардын жоктугунан улам Йемендин калкынын абалы оорлоду.
Ал эми учурда Йемендин 45% гана ооруканалары иштеп жатат жана 14 млн. 700 миң тургун алгачкы тез жардамдарга жетпей отурушат. Ушуга байланыштуу өлкөдө холера жана минингит жана башка жугуштуу оорулар күч алууда.

Fars: Сауд Аравия бул согуштун жетекчиси катары согуштагы гуманитардык абалдарга кандай кароодо? Алар адам укугун коргоо боюнча медициналык эл аралык уюмдар менен кызматташтабы?
– Албетте, биз ал тараптар менен бир канча ирет жашыруун түрдө сүйлөшүү жүргүздүк. Бирок эл аралык гуманитардык мыйзамдар дагы деле бузулууда.

Fars: Акыркы жылдарда гуманитардык трагедия кайсы өлкөдө катталды? Эмне үчүн Йемендин абалы эң оор болуп саналат?
– Йемен согуштагы зыяндарды өз жаны менен төлөп жатат. Согуш менен бирге ачарчылык, жугуштуу оорулар Йемендин жайкын тургундарынын жанын кыйноодо. Алар бир жолку тамак – ашка да жете албай отурушат. Айрым үй-бүлөлөр же тамак же дарынын бирин гана тандап алууга мүмкүнчүлүктөрү болот. Бардык эле кыйынчылыктарды көрүшүүдө: күйүүчү май, таза суу, транспорт жана башка керектелүүчү шарттар жетишпейт. Дагы бир жолу кайталап кетем, элдин 75%ы тез жардамдарга муктаж болуп турат.

Fars: Элдин азык – түлүк камдарынын абалы кандай?
– “Курчоого алынган” өлкөгө товар киргизүү кыйынга туруп жатат. Өлкөнүн транспорттук маселелери чечиле элек. Ошондой эле кырдаалга жараша негизги азыктарга болгон баа өсүүдө. Күрүч,  май, сүт, шекер жана башка азыктардын баасы бир канча пайыз жогорулады.
Айрым үй-бүлөлөр күнүнө бир ирет эле тамактанышса, көпчүлүк үй-бүлөлөр ага да жетпей отурушат.

Fars: Силер Кызыл Крест комитети катары Йемендин абалын жакшыртууга шарттарыңар барбы? Йемендеги кырдаалды Эл аралык уюмдарга баяндадыңарбы?
– Кызыл Крест комитети алгачкы жолу согушта эң жабыркаган топко жардам көрсөткөн. Ошондой эле жарадарларды дарылооло, таза суу жеткирүүдө салым кошту. Быйыл Йемендин бейтапканалары Кызыл Крест комитетинин колдоосу менен 297 миң бейтапты дарылады. Ошондой эле 14 миң жарадарларды айыктырды. Мындан тышкары үй турактары бузулгандарга жардам көрсөттү.
500 миң тургунга 71428 үлүш азык-түлүк берилди. Буга кошумча өсүүсү начар балдарга,  кош бойлууларга атайын витаминдер жеткирилди.
Дагы кошумчалай кетсек, Дүйнөлүк Кызыл Крест комитетинин долбоорлорунун негизинде төрттөн бир миллион элге таза суу жеткирилди.
Албетте, гуманитардык жардамдар бул трагедияны чече албайт. Адам укуктарын коргоочу агенттиктер Йемен элинин баарын тойгуза албайт, барына медициналык жардам бере албайт. Эл аралык Кызыл Крест коому Йемендин согушун, тирешүүлөрүн токтотууга бекем саясий аракеттердин аткарылуусун талап кылат жана миллиондогон элдин качкынга айлануусуна, өлкөдөгү кырдаалдын чечилүүсүнө  чара көрүүлсүн каалайт.

Комментарий жиберүү