Кабулдагы жардыруудан 10 адам мерт кетип, 19у жаракат алды

ruРусский

Мехр агенттигинин маалыматына ылайык, 28-ноябрда кечке маал Ооганстандын борбор калаасы Кабулда каттуу жардыруу болду. Берилген маалыматтарга караштуу, окуядан 10 адам мерт кетип, жаракат алган 19у ооруканаларга жеткирилишкен.

Белгилей кетсек, бул жардыруу Кабулдун № 9 коопсуздук корпусунда болгон.

Кабул полиция кызматкерлеринин билдирүүсү боюнча, куралчан кол салуучулар Ооганстан Улуттук Коопсуздук билим берүү борборун жардыруудан соң коопсуздук күчтөр менен кармаша кетишкен.

Комментарий жиберүү