Бүгүн коомдук транспорт түнкү 2ге чейин иштейт

Бүгүн коомдук транспорт түнкү 2ге чейин иштейт

Бүгүн, 31-декабрдан 1-январга караган түнү Бишкекте коомдук таранспорт түнкү саат 02.00го чейин иштейт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Жарандар жаңы жылдык салтанатты көрүү үчүн Ала-Тоо аянтына троллейбус, автобус жана маршруттук таксилер менен барса болот. Ал эми Ош шаарында коомдук транспорт түнкү саат 01.00го чейин каттайт.

Прочитайте больше

Мамбет Мамакеев: Кыргыздын башы — мыкты баш!

Мамбет Мамакеев: Кыргыздын башы — мыкты баш!

Кыргызда «Өмүрүӊө береке», «Колуӊа Кудай күч-кубат берсин», «Жамандык көрбө, айланайын» деген чыныгы ыраазычылык баталары бар. Анан кызыгы, ар бир кыргыз «Бата менен эл көгөрөт» дегенге ишенет. Мен бул сөзгө бүгүн дагы бир ирээт ынандым… Өз ишин мыкты билген, 68 жылын адам өмүрүн сактоого арнаган, анан ошол жылда 30 000 (отуз миӊ) операция жасаган 92 жаштагы ак сакал дарыгер менен болчу маекти көп жыл күткөм. Деги эле эмгекчил, көп изденип, көп окуган адамга болгон сыйымдандыр бул….

Прочитайте больше

Ошто кылмыштуулуктун саны азайды

Ошто кылмыштуулуктун саны азайды

Ош облусунда кылмыштуулуктун саны азайды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, 2018-жылдын 26-декабрында Ош облусундагы аймактарда укук коргоо, фискалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык коргоо органдарынын, ӨКМдин, мамлекеттик каттоо кызматынын, айылдык аймактардын, жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын, суу чарба, электр тармактары, фитосанитария жана башка мамлекеттик мекеме-ишканалардын, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусунда комплекстүү алдын алуу иш-чаралары өткөрүлдү. Бул иш-чаранын негизги максаты укук бузуулардын жана кылмыштардын алдын алуу жана болтурбоо болуп саналат. Өткөрүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө…

Прочитайте больше

Шавкат Мирзиёев жылдын мыкты адамы аталды

Шавкат Мирзиёев жылдын мыкты адамы аталды

Өзбекстандын президентти Шавкат Мирзиёев Азиянын жылдын мыкты адамы наамына татыды. Сыйлык Шавкат Мирзиеевдин Борбордук Азияда тынчтык орнотууга кошкон салымы үчүн ыйгарылды. Андан тышкары, өзбек лидери коңшу өлкөлөр менен кызматташтыкты жигердүү ишке ашырып жатканы белгиленди. Белгилей кетсек, Шавкат Мирзиеев өткөн жылы дагы бул наамды алган.

Прочитайте больше

Пакистан Гүлендин каналын“террордук”деп атады

Пакистан Гүлендин каналын“террордук”деп атады

Пакистан соту Фетхуллах Гүлендин каналын террордукдеп  атады. Пакистандын Жогорку соту Фетхуллах Гүлендин каналдарын  террордук деп өкүм чыгарды. ошондой эле Пакистандын Жогорку соту өлкөнүн өкмөт бийлигинен Гүлен каналына тиешелүү болгон бардык мектеп-медерселерин жана уюмдарын, Түркиянын Билим берүү фондусуна тапшырып берүүлөрүн талап кылды. Эске салсак, Түркиянын Билим берүү фондусу  чет өлкдөгү Гүленге тиешелүү бардык мектеп-медресе жана лицейлерди көзөмөлгө алуу максатында 2016-жылы Түркия өкмөтү тарабынан түзүлгөн. Учурда Пакистан менен Азербайжандагы Гүлендин мекемелерин жабуу жана жетектөө милдетин ишке ашырып…

Прочитайте больше

Багдадда Американын элчилигине ракеталык чабуул коюлду

Багдадда Американын элчилигине ракеталык чабуул коюлду

Американын президенти Дональд Трамптын Ирактагы аскер базасына жасаган күтүүсүз сапарынан кийин, Багдаддагы корголуучу “жашыл” зонада жайгашкан АКШнын элчилигине ракеталык чабуул коюлду. “Аль-Алам” телеканалынын берген маалыматына караганда, Ирак маалымат каражаттары Д.Трамптын Аль- Анбар провинциясында жайгашкан аскердик базасына жасаган күтүүсүз сапарынан кийин, бейшемби күнү эртең менен Багдаддагы АКШ элчилигине эки ракеталык чабуул коюлган. Айрым маалымат булактары Ирактын борборундагы жашыл зонадан каттуу жардыруунун үнү чыккандыгын жазышты. Жардыруудан кийин элчиликтин кароолчулары эскетүү иретинде бир нече жолу ок атышкан. Жабыр…

Прочитайте больше

Арабстандын ТИМ жетекчиси отставкага кетти

Арабстандын ТИМ жетекчиси отставкага кетти

Арабстан ЖМКалары Сауд режиминин кабинетинде өзгөрүүлөр болгонун кабарлашты. Tasnim агенттигинин маалыматына ылайык, Арабстандын ТИМ жетекчиси Адель аль-Жубейр кызматтан кетти. Аль-Арабия агенттиги 27-декабрда Салман бен Абдуль-Азиздин буйругу менен өлкөнүн ТИМ жетекчиси кызматтан бошотулуп, ордуна Ибрахим аль-Асаф дайындалганын кабарлады. Берилген маалыматтарга караштуу, Адель аль-Жубейр өкмөттүн тышкы иштер маселеси боюнча кеңешчиси болуп кызмат которгон. Белгилей кетсек, Абдуллах бен Бандар өкмөттүн улуттук күзөтүнүн министри ал эми Турки аш-Шаббани Маалымат министри болуп дайындалышкан. Эске салсак, Сауд режиминин кабинетиндеги өзгөрүүлөр Тышкы Иштер,…

Прочитайте больше

Кыргызстанда жумушсуздар 2 миллиондон ашат

Кыргызстанда жумушсуздар 2 миллиондон ашат

Кыргызстанда расмий түрдө 2 миллиондон ашык жумушсуздар бар. Бул тууралуу бүгүн, 27-декабрда Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров Бишкекте өткөн маалымат жыйында айтты. Анын айтуусу боюнча, өлкөдөгү жумушсуздардын саны 2018-жылы 2 млн 525 миң адамды түздү. “Алардын ичинен 24 миң 200ү жумуш орундары менен камсыз болгон. Бул жылы бир вакансиялык орунга 19 адам туура келди. Ошондой эле биздин эмгек менен камсыздоо кызматыбыз аркылуу ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 115 жаран жумушка алынды”, — деди министр.

Прочитайте больше

Мектеп окуучулары үчүн кышкы эс алуу 31-декабрдан 11-январга чейин уланат

Мектеп окуучулары үчүн кышкы эс алуу 31-декабрдан 11-январга чейин уланат

Кыргызстанда мектеп окуучулары үчүн кышкы эс алуу 31-декабрдан 11-январга чейин уланат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкан. Маалыматка ылайык, Базистик окуу планына ылайык, кышкы эс алуу күндөр үстүбүздөгү жылдын 31-декабрынан 2019-жылдын 11-январына чейин деп бекитилген. III чейректе окуу 14-январь күнүнөн башталат, – деп берилет маалыматта.

Прочитайте больше

Жаңы жылга шарият кандай карайт?

Жаңы жылга шарият кандай карайт?

Исламда 2 гана күндү, тагыраагы, Курман айт жана Орозо айтты эле майрам катары эсептешет. Мындан улам светтик өлкө катары Жаңы жыл сыяктуу майрамдар жакындаганда коомчулукта эки анжы пикирлер пайда болот. Негизи бул күнгө маани берүү менен мусулман динден чыккан болобу, канткенде ширктен арылып жана ошол эле учурда исламдын күзгүсү катары көрсөтүлгөн толеранттуулукту сактоого болот? Ушул суроолорго жооп издеп көрдүк. Биринчиден, дин таануучулардын айтымында, баары ниетке жараша. Светтик өлкө болгондуктан башка бирөөгө бир башка диндин өкүлү…

Прочитайте больше

Диетолог бир күндө канча мандарин жесе болорун айтты

Диетолог бир күндө канча мандарин жесе болорун айтты

Цитрус өсүмдүктөрүнө аллергия бар болсо, мандаринден дагы баш тартууга туура келет. Москванын Саламаттык сактоо департаментинин диетологу Антонина Стародубова мандаринди өлчөп жебесе, ден соолукка зыян алып келерин айтып берди. “Мынча же тигинче жеш керек деген норма жок. Бирок ар бир адам өзү ойлонушу керек, күнүнө бир эле азыкты килограммдап жеп салуунун кандай зарылдыгы бар? Негизи бир адамга бир күндө төрт мандарин жетиштүү”, — деп түшүндүрдү Стародубова. Адис кошумчалагандай, эгер кишинин цитрус өсүмдүктөрүнө аллергиясы болсо, мандаринден дагы баш…

Прочитайте больше

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

Жаңы жылга карата кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдирди. Ага ылайык, Кытай тараптын демилгеси менен 29-декабрдан тарта “Торугарт-автодорожный” жана “Иркештам-автодорожный” өткөрүү пункттары убакытуу жабылат. 2-январдан тарта өткөрүү иши мурдагы калыбында уланмакчы.

Прочитайте больше

Оштогу кыргыз-өзбек «Ак-Таш» өткөрмө пункту ачылды

Оштогу кыргыз-өзбек «Ак-Таш» өткөрмө пункту ачылды

25-декабрдан тартып Кара-Суу районунун Барак эксклавынын жашоочуларынын тоскоолдуксуз өтүүсү үчүн «Ак-Таш-Бирлишкен» өткөрмө пунктунун иши калыбына келтирилди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти. Бул маселени 18-декабрда эки өлкөнүн премьер-министрлери Кыргызстандын жана Өзбекстандын Чектеш облус жетекчилер кеңешинин жыйынында сүйлөшүп, чечишкен. «Ак-Таш» жөнөкөйлөштүрүлгөн өткөрмө пункту кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасында жайгашкан жана Барак эксклавын Ош облусунун Кара-Суу району менен байланыштырып турат. «Ак-Таш» өткөрмө  пункту 2013-жылы жазында Барак айылынын кыргыз тургундарын өткөрүүнү убактылуу токтоткон. Чек ара кызматы өзбек тарап менен…

Прочитайте больше

Кыргызстанда мектеп директорлорунун жаш курагын чектөө сунушталууда

Кыргызстанда мектеп директорлорунун жаш курагын чектөө сунушталууда

Мыйзам долбоору билим берүү уюмдарынын жетекчилерине болгон талаптарды жогорулатууга багытталып жатат. Мындан улам 65 жашка чыккан мектеп директорлору менен түзүлгөн келишимди токтотуу үчүн негиздерди белгилөө болуп саналат. “Билим берүү уюмдарындагы 65 жаш курагынан өткөн жетекчилердин саны 20 пайыздан ашык бөлүгүн түзөт. Жогорку билим берүү мекемелеринде деле ушул сындуу мыйзамдык чектөөлөр бар”,- дейт Надира Жусупбекова. Мыйзам долбоорун колдогон депутат Зиядин Жамалдинов, билим берүү усулдары заман талаптарына жараша өзгөрүп, кыйла татаалдашып баратканын эске салып, мектептерде жана мектепке…

Прочитайте больше

Түркиянын парламенти Ооганстандагы аскердик миссиясын узартты

Түркиянын парламенти Ооганстандагы аскердик миссиясын узартты

Түркиянын парламенти өлкөнүн Ооганстандагы аскердик миссиясынын мөөнөтүн узартуу боюнча чечим кабыл алышты. Түркиянын парламенти Ооганстандагы өлкөнүн аскердик катышуусун дагы эки жылга узартуу планын кабыл алды. Anadolu  агенттигинин маалыматына караганда, документ 2019-жылдын 6-январынан тартып күчүнө кирет жана ал түрк өкмөтүнө НАТОнун жетекчилигиндеги “Күчтүү колдоо” миссиясынын алкагында Ооганстанга аскерлерин жиберүүгө мүмкүндүк берет. Ал эми НАТО коалициясы Ооганстандагы аскердик миссиясы 2018-жылдын аякташы менен аягына чыгарын билдирди. Андан кийин бул миссия ооган коопсуздук күчтөрүн окутуу жана даярдоо иш-чаралары менен…

Прочитайте больше
1 2 3 7