Бен Салмандын сапарына болгон нааразычылыктар

Тасним агенттигинин маалыматына ылайык, Арабстандын мураскер шахзаадасы ноябрь айынын акырында бир катар өлкөлөргө сапар тартууну чечкен.
Ушуга байланыштуу мавританиялыктар  “Укук жана экономика” ЖОЖнун алдында чогулушуп, мураскер шахзааданын бул өлкөгө келишине каршылыктарын билдиришти.

Белгилей кетсек, демонстрацияга чыгышкандар: “Биз Палестинанын саткынчысына кирүүгө жол бербейбиз!”, “Биз Йемендин балдарын кырган падышаны кабыл албайбыз!”, “Сионисттер менен келишим түзгөндөргө жерибизди булгатпайбыз!”-деген ураандарды жазып чыгышкан.

Эске салсак, Бен Салман чет өлкөлөргө сапарын 28-ноябрда Аргентинада өткөн “Топ 20” жыйынына катышуу максатында баштаган.

Комментарий жиберүү