Орусия менен Түркиянын С-400 келишиминде доллар менен төлөө алынып салынды

ruРусский

Бул тууралуу Мехр агенттиги Daily Sabbah маалыматына шилтеме берип кабарлады. Режеп Таип Эрдоган Орусиядан С-400 системасын сатып алууда рубль же лира менен эсептешээрин билдирди.
Түркия президенти бул тууралуу Аргентинада өткөн “Топ 20” жыйынында мындай деген: Түркия С-400 системасынын  каржысын рубль же лира менен төлөйт. Бул келишимибиздин башында эле эки өлкөнүн акча бирдиктери менен эсептешүүгө макулдашылган.
Белгилей кетсек, Орусия президенти да мурдараак бул тууралуу билдирүүсүндө доллар менен эсептешүү мүмкүн эместигин баса белгилеген. Ал өз шериктештери менен болгон соода жүргүзүүсүндө  SWIFTтен көз карандысыз төлөө системасын пайда кылаарын билдирген.

Комментарий жиберүү