Сионисттик аскерлер Газа тилкесинин чегарасында 28 палестиналыкты жарадар кылышты

ruРусский

Мехр агенттигинин Анадолуга шилтеме берип маалымдоосуна ылайык, Палестинанын Саламаттыкты Сактоо министрлиги мындай деп билдирген: Сионисттик режимдин аскерлери демонстрацияга чыгышкан палестиналыктарды көздөй от чыгарышып, 28ин жарадар кылышкан.

Белгилей кетсек, март айынын аягында миңдеген палестиналыктар Газанын курчалуусуна карата нааразычылыктарын билдиришип, палестиналык качкындарды өз үй – жайларына кайтаруу талабы менен демонстрацияга чыгышкан.

Ал мезгилден  бери 220 палестиналык шейит кетип, 20 миңден ашууну жаракат алышкан.

Комментарий жиберүү