Американын согуштукучактар Украинаны колдоп учуп чыгышты

Бул тууралуу Мехр агенттиги Спутникке шилтеме берип маалымдады.
Американын коргоо министрлигинин билдирүүсү боюнча, америкалык согуш учактарынын Украина аба мейкиндиктеринде өзгөчө абалда учуулары Батыш бирикмелеринин макулдашууларынын негизинде аткарылууда. Ошондой эле  Батыш бирикмесинин мындай аракети Украинага колдоо көрсөтүү максатында экени баяндалган.
Белгилей кетсек, учурда Москва менен Киев жаңы тирешүүлөрдү жаратууда жана бул чыр-чатак Украина кемелеринин Орусиянын дарыя чегин бузуп кирүүлөрүнөн соң башталган.
Эске салсак, Украинанын президенти Петр Порошенко Орусия менен болгон келишпестиктеринин негизинде бир канча ирет Батыш бийликтерине кайрылуу менен НАТОнун аскердик күчтөрүн Кара Деңизге катыштырып, колдоо көрсөтүүлөрүн суранган.

Комментарий жиберүү