ЕАЭБ Иран менен эркин экономикалык аймагын бекитти

ruРусский

Tasnim агенттигинин маалыматына ылайык, бул жыйында ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн жетекчилери бир канча иш кагаздарга кол коюшкан жана анын ичинде ЕАЭБдин ИИР менен эркин экономикалык аймактарды түзүүнү  макулдашуусу кирет.

Белгилей кетсек, кол коюлган 18 иш кагаздын ичинде ЕАЭБдин мунай жана газ шериктеш базарын пайда кылуу,  2019-жылдын бюджетин белгилөө жана ошондой эле ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн Кытай менен кызматташтыктарын кеңейтүү маселелери бекитилген.

Эске салсак, ЕАЭБ жыйыны Орусия президенти Владимир Путиндин жетекчилиги менен Санкт-Петербургда өтүп, ага Белорусия, Казакстан, Кыргызстандын президенттери менен Армениянын премьер-министри катышышкан.

Комментарий жиберүү