ЕБ сионисттик режимдин палестиналык мектептерди бузууларына нааразычылыктарын билдирди

ruРусский

 Parstoday агенттигинин маалыматына ылайык, бул билдирүүдө 5-декабрда Батыш Иордания жээктеринде жайгашкан “аль-Тахадди 13” мектеби буздурулганына ишаара кылынып, бул 2018-жылы  буздурулган 5-мектеп экени айтылган.
ЕБдин өкүлчүлүгү басып алынган жерлерде Израиль өкмөтү буга  чеийн кеминде 50 мектеп буздурганын белгиледи.
Белигелй кетсек, ар бир аймакта буздурулган мектеп, 5 миң окуучуну окуусуз калтыруу менен барабар.
Эске салсак, 20-ноябрда эл аралык өкмөттүк эмес бир уюм палестиналык балдар боюнча иликтөө жүргүзүп, 2018-жылдын башынан бери сионисттик күчтөр 54 баланы өлтүрүп, 900үн туткунга алганын жарыялаган.
ЕБдин өкүлчүлүгү басып алынган жерлерде мектептерди талкалоо аракети тез арада токтотулуусун талап кылган.

Комментарий жиберүү