Жогорку Кеңештин 80 жылдыгы белгиленүүдө

Жогорку Кеңештин 80 жылдыгы белгиленүүдө

Бүгүн Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин 80 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция өтүп жатат. Ага президент, өкмөт башчы, экс-депутаттар жана учурдагы парламенттин курамы катышууда. Иш-чаранын башында атайын сүрөт көргөзмөсү уюштурулуп, андан соң парламенттин 80 жылдыгына арналган документалдуу хроникалык фильм көргөзүлдү. Жыйында сөз сүйлөгөн өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков коомчулук тарабынан айтылган ар түрдүү сындарга карабай Жогорку Кеңеш өзүнүн ыйгарым укуктарын так аткарып келгенин билдирди. «Жогорку Кеңеш демократиялык жолду тандап, элдин бардык көйгөйлөрүн бул жерден чечип келет. Ага…

Прочитайте больше

Түркиянын президенти Иран президентин расмий түрдө тосуп алды

Түркиянын президенти Иран президентин расмий түрдө тосуп алды

Иран Ислам Республикасынын президенти Хасан Рухани расмий иш сапары менен Анкарага барды. Маалыматка ылайык, бейшемби күнү Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Ирандын президенти Хасан Руханини президенттик сарайында расмий түрдө тосуп алды. Эки өлкөнүн президенттери Иран жана Түркия Республикаларынын улуттук гимндери ырдалгандан кийин эки тараптын жогорку даражалуу делегация өкүлдөрү менен таанышып чыгышты. Расмий тосуп алуудан кийин эки өлкөнүн башчыларынын эки тараптуу сүйлөшүүлөрү башталды жана бул сүйлөшүүлөр аяктагандан кийин Рухани менен Эрдоган Иран менен Түркиянын ортосундагы стратегиялык…

Прочитайте больше

2019-жылкы ажылык үчүн Кыргызстанга 5485 квота бөлүндү

2019-жылкы ажылык үчүн Кыргызстанга 5485 квота бөлүндү

Сауд Араб Падышачылыгынын ажылык министрлиги Кыргызстанга 5485 квота бөлүп, 2018-жылдагы ажылыкты мыкты уюштургадыгы үчүн «эң жакшы» деген баасын беришти. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди. Кыргызстан Мусуманарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Сауд Араб Падышачылыгынын ажылык министринин орун басары доктор Абдель Фаттах бин Сулейман менен жолугушуп, 2018-жылдагы ажылыкты талкуулашып, андагы жетишкендиктерге токтолушту. САПтын ажылык министринин орун басары Кыргызстандын 2018-жылы ажылыкты мыкты уюштургадыгын айтып,  өзүнүн «эң жакшы» деген баасын берди. Муну менен катар тараптар 2019-жылдагы ажылыкты уютуруу боюнча пикир…

Прочитайте больше

Жээнбеков: Кеп Конституцияда эмес, аны бузган адамдарда

Жээнбеков: Кеп Конституцияда эмес, аны бузган адамдарда

Азыркы учурда Баш мыйзамды өзгөртүүнүн зарылдыгы жок. Мындай пикирин  президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз парламенттинин 80 жылдыгына арналган илимий конференцияда билдирди. Анда мамлекет башчы 25 жыл ичинде Конституция 10 жолу өзгөргөнүн эске салды. Өнүгүү үчүн азыркы Баш мыйзамдагы мейкимдик деле жетиштүү экенин айтып, учурда ага өзгөртүү киргизүүдөн да маанилүү маселелерди санады. -Азыр өтө кечиктирилгис көйгөй катары мамлекетибиздин экономикасын көтөрүүнү, бизнеске жакшы шарт түзүп, түз инвестицияларды көбөйтүүнү атасам болот. Ошол эле коррупция менен күрөшүү — конституциялык өзгөртүүлөрдү күтүп…

Прочитайте больше