Мадуро:Трамп мени өлтүрүүгө буйрук берди

Мадуро:Трамп мени өлтүрүүгө буйрук берди

Венесуэланын мыйзамдуу президенти Николас Мадуро АКШнын президенти Дональд Тармп аны өлтүрүүгө буйрук бергенин билдирди. Бул тууралуу Mehr агенттиги кабарлады. Маалыматка ылайык, Мадуро Sputnik агенттигине берген маегинде, “Трамп Колумбия бийлигине жана бул өлкөнүн мафиясына мени өлтүрүүгө буйрук бергенине шек жок”, – деп билдирди. “Эгер бир күнү мени менен бир нерсе болсо, ал үчүн Дональд Трамп жана Колумбиянын президенти Иван Дуке жооптуу болот”, -деди Мадуро. Эске салсак,  Венесуэланын оппозициялык Улуттук ассамблеянын башчысы Хуан Гуаидо 23-январда өзүн бул өлкөнүн убактылуу…

Прочитайте больше

30 миң нигериялыктар Бокко Харамдын чабуулунан коркуп, Камеронго качып киришти

30 миң нигериялыктар Бокко Харамдын чабуулунан коркуп, Камеронго качып киришти

БУУнун Качкындар боюнча Жогорку комиссариаты акыркы 48 сааттын ичинде 30 миң нигериялык Бокко харамдын чабуулунан коркуп, Камеронду карай качышканын жарыялады. Parstoday агенттигинин маалыматына ылайык, БУУнун Качкындар боюнча Жогорку комиссариатынын басма сөз катчысы Бабар Балуш Женевадагы отурумда билдирүү жасап, акыркы 48 сааттын ичинде Нигериянын Түштүк-чыгышындагы Ран шаарынан 30 миңдей нигшериялыктар Камеронду көздөй бет алышканын белгиледи. Анын айтымында, бул качкындар Бокко Харамдын мүчөлөрүнүн чабуулдарынан коркушууда. Эске салсак, эки апта мурда Бокко Харамдын мүчөлөрү ушул шаарга кол салышканынан 9…

Прочитайте больше

Кыргызстанда Өзбекстандын беш жараны авто кырсыктан каза тапты

Кыргызстанда Өзбекстандын беш жараны авто кырсыктан каза тапты

Өзбекстандын 51 жаштагы жараны «Деу-Нексия» автоунаасы менен Ош шаарын көздөй бара жатып, каршы тилкеде келе жаткан «Мерседес-Бенц-313» үлгүсүндөгү автоунаа менен кагылышкан. Бул тууралуу Жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын Баткен облусундагы башкармалыгы билдиргенин “Азаттык” сайты жарыялады. Натыйжада “Деу-Нексия” автоунаасынын айдоочусу жана эки жүргүнчүсү окуя болгон жерден каза болгон. Дагы эки жүргүнчүсү Баткен облустук оорукананын жандандыруу бөлүмүндө каза болгон. Баштапкы божомолдор боюнча, каттуу ылдамдыкта келе жаткан «Деу-Нексия» автоунаасынын айдоочусу рулду башкара албай, каршы тилкеге чыгып кеткен. Жол кырсыгына…

Прочитайте больше

Эларалык 14 уюм Йемендеги гуманитардык кырдаалдын күчөшү боюнча эскертүү берди

Эларалык 14 уюм Йемендеги гуманитардык кырдаалдын күчөшү боюнча эскертүү берди

Эл аралык Кайрымдуулук жана Жардам көрсөтүү  боюнча 14 уюм Арабстан коалициясынын Йеменге жасаган согушунан улам өлкөдөгү кырдаалдын күчөшүнө карата тезинен чара көрүүнү талап кылышты. Бул тууралуу Tasnim агенттиги аль-Масийра маалыматына шилтеме берип маалымдады. Эл аралык Кайрымдуулук жана жардам көрсөтүү боюнча 14 уюм бул кырдаалдын алдын алууга тезинене чара көрүүгө чакырык жасашты. Лондондогу отурумга катышкан Дүйнөлүк Кызыл крест комитетинин гуманитардык саясаттар боюнча жетекчиси Кэмберли Браун дүйнөдөгү эң катаал кырдаалда жашап жатышкан йемендиктерге көңүл буруу зарылдыгын белгилеп кетти. Анын…

Прочитайте больше

Сионисттик аскерлер Газа бөлүгүндөгү мектепке ок чыгаруу менен аны жаптырышты

Сионисттик аскерлер Газа бөлүгүндөгү мектепке ок чыгаруу менен аны жаптырышты

Сионисттик режим күчтөрүнүн Газадагы мектепке ок атууларынан бир адам жаракат алды. ИКНА агенттигинин Анадолуга шилтеме берип маалымдоосуна ылайык, 28-февралда Газанын түндүк-чыгыш Бейту ханун аймагындагы бир мектеп сионисттер күчтөрү аркылуу талкаланды. Берилген маалыматтарга караштуу, аскерлердин ок атууларынан улам бир адам жаракат алган жана мектепке зыян келтирилген. Израиль армиясы сионисттик аскерлеринин бул иштери боюнча азырынча түшүндүрмө жарыялай элек.

Прочитайте больше

Малайзиянын министри израилдик спортчуларды өлкөгө киргизбөө чечимин колдоду

Малайзиянын министри израилдик спортчуларды өлкөгө киргизбөө чечимин колдоду

Малайзиянын Спорт министри сионисттик режимдин спортчуларын өлкөгө киргизбөө боюнча өкмөттүн чечимине колдоо көрсөттү. Parstoday агенттигинин маалыматына ылайык, Саид Садык Саид Абдырахман 28-январда билдирүү жасап мындай деди: Малайзия эл аралык деңгээлде Палестинаны колдоп,  ушундай чечим кабыл алды жана аны өзгөртпөйт.  Палестина маселеси бир дүйнөлүк маселе жана Малайзия өкмөтү бул боюнча өз чечиминен эч бир шартка карабастан артка кайтпайт. Белгилей кетсек, мурдараак Малайзиянын премьер-министри Махатхир Мохамад Малайзия 2019 дүйнөлүк олимпиадасына катышууну каалаган израилдик спортчуларга виза бербөө чечимин кабыл…

Прочитайте больше

Орусия Тажикстан боюнча эскертүү берди

Орусия Тажикстан боюнча эскертүү берди

ИШИМ террордук тобунун көптөгөн мүчөлөрү Тажикстанга өткөрүлүшкөнүн улам, Орусия террордук операцияларга каршы даярдык көрүүдө. Орусия ИИМнин орун басары Игорь Зубов 28-январда билдирүү жасап, белгисиз тик учактар бир топ ИШИМдин элементтерин Пакистандан Орусиянын түштүк чегараларына жакын жердеги  Тажикстандын чегарасына өткөрүшкөнүн жарыялады. Белгилей кетсек, Пакистан менен Тажикстан жер жана тоо аркылуу Ооганстандын түндүк-чыгыш Вахан тоолору менен бөлүнүп турат. Зубовдун айтымына караганда, ИШИМ Орусияга зыян келтирүү максатында жаңы террордук аракеттерге даярдануулары мүмкүн.

Прочитайте больше

Индонезияда кайрадан кырсык: 86 киши набыт болду

Индонезияда кайрадан кырсык: 86 киши набыт болду

Индонезиянын Түштүк Сулавеси аралында катуу жааган жаандан улам суу сактагычтан ташкан суу сел болуп калктуу конуштарды каптады. Ошондой эле анын кесепетинен жер көчкү болуп жалпысынан 86 киши каза болгону маалым болду. Бул тууралуу Индонезиянын Эл аралык табият кырсыктары агенттиги кабарлады. Катуу жааган жаандын айынан селде калган миңдеген жаран үй-жайсыз калды. Кургактыктын деңизге карай көчүшүнөн жана селден улам унаа жолдор иштен чыгып, жардамдар тик учак менен жеткирилүүдө. Индонезиянын президентинин жардамчысы Юсуф Калла каза болгондордун үй-булөлөрүнө киши…

Прочитайте больше

Нетаньяху Гуаидону Венесуэланын жаңы лидери катары тааныды

Нетаньяху Гуаидону Венесуэланын жаңы лидери катары тааныды

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Венесуэла оппозициясынын лидери Хуан Гуаидону бул өлкөнүн убактылуу президенти катары расмий тааныганын жарыялады. Бул тууралуу  Sputnik агенттигине таянуу менен Mehr агенттиги маалымдады. “Израил Венесуэланын жаңы лидерин  тааныган АКШ, Канада, Латын Америкасынын көпчүлүк өлкөлөрүнө жана Европа мамлекеттерине кошулат”, – деп Нетаньяху билдиргенин РИА Новости жазды. Венесуэла парламентинин төрагасы Хуан Гуаидо 23-январда өзүн убактылуу президент деп жарыялаган. Ал эми оппозициянын колундагы Венесуэланын парламенти өлкөнүн расмий президенти Николас Мадурону “мыйзамсыз” президент деп тааныган. Гуаидо өзүн убактылуу…

Прочитайте больше

БУУ сионисттик режимдин жарандарынын Кудска чабуулун айыптады

БУУ сионисттик режимдин жарандарынын Кудска чабуулун айыптады

ООНдун аткаминери израилдик тургундардын Кудстун түндүгүндөгү палестиналык аймакка кол салууларын катуу айыптады. ООНдун башкы катчысынын Жакынкы Чыгыштагы тынчтыкты жөнгө салуу боюнча өкүлү Николай Младенов өзүнүн Twitter баракчасында мындай деп жазган: “Израиль Кудстун түндүгүнөн 15 км. аралыктагы аль-Мугайер аймагына кол салышкан тургундарды сотко тартып, жазалашы керек.” Н. Младенев бул кол салууну кабыл алынгыс жана үрөйдү учуруучу деп билдирип: Бардыгы зомбулукту айыптап, террорго каршы туруулары керек,- деди. Белгилей кетсек, 26-январда кечинде палестинанын Саламаттыкты Сактоо министрлиги сионисттик туругундардын…

Прочитайте больше

Филиппиндеги жардыруунун жоопкерчилигин ИШИМ алды

Филиппиндеги жардыруунун жоопкерчилигин ИШИМ алды

Филиппиндеги чиркөөдө болгон террордук жардыруунун жоопкерчилигин ИШИМ террордук тобу  өзүнө алды. Кечээ, 27-январда Филиппиндин Холо аралындагы Сулу провинциясында эки жардыруу болгон. Натыйжада кеминде 21 киши каза болуп, дагы ондогону жараат алган. Филиппиндин түштүк аймактарында негизинен мусулмандар отурукташкан. Өткөн аптада эле ал жерде референдум болуп өтүп, анда жергиликтүү тургундар Бангсаморо автономдуу регионун түзүүгө добуш беришкен.

Прочитайте больше

Лавров:Сирияны Араб өлкөлөрүнүн лигасына кайтаруу керек

Лавров:Сирияны Араб өлкөлөрүнүн лигасына кайтаруу керек

Сириянын тышкы иштер министри Сирияны Араб өлкөлөрүнүн лигасына кайтарууга аракет кылуу зарыл экенин билдирди. Россиянын ТИМ жетекчиси Сергей Лавров Тунистеги сапарынын алкагында кесиптеши  Хмайес Жинауи менен жолугушуп, эки тараптуу саясий сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Сүйлөшүүлөрдүн алкагында С. Лавров Сирияны Араб өлкөлөрүнүн лигасына кайра кайтарууга аракет кылуу зарыл экенин баса белгилеп өттү. Хмайес Жинауи дагы Сирияны Араб лигасына кайтаруу маселесине токтолуп, “Бул маселеде бардык арабдардын чечими керек жана 31-мартта Тунисте өтүшү пландалып жаткан араб мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин…

Прочитайте больше

Китеп окууга шыктандырган 6 ыкма

Китеп окууга шыктандырган 6 ыкма

Бир жылдык китеп тизмесин түзүңүз Адам өзүн XXI кылымга жараша өнүктүрүүнү кааласа кыска убакытта көп маалымат алууга тийиш. Ар бир окурманга айтарым, эгер китеп окууга өзүңүздү кызыктыра албай жатсаңыз, анда бир жылда окуй турган китептердин тизмесин түзүп алыңыз. Алсак, ай сайын бирден китеп окусаңыз, жылына 12 китеп бүтүрөсүз. Окуган китепти тизмеден өчүргөн соң сизде мотивация пайда болот. Башкача айтканда, бир максатка жеттим деп эсептеңиз. Өзүңүз кызыккан китептерди тандаңыз Учурда бизнес, медицина жана башка багыттарда көп…

Прочитайте больше

Хуан Гуайдо кезексиз шайлоо качан болорун айтты

Хуан Гуайдо кезексиз шайлоо качан болорун айтты

Венесуэланын парламентинин лидери, озүн убактылуу президент деп жарыялаган Хуан Гуайдо кезексиз президенттик шайлоону алты-тогуз айдын ичинде өткөрүүнү пландап жатышканын билдирди. Бул тууралуу испаниялык «Antena3» басылмасы кабарлады. Маалыматта Гуайдо өнөктөштөрү менен шайлоону тездетүүнүн жолун карап жатышканын билдирген. Ал үчүн алгач шайлоо системасын толугу менен оңдоп чыгуу зарыл экенин, анткени буга чейинки шайлоолордо бир жаран бир нече жерде катталып, жашоодо жок адамдар тизмеге кирип калгандыгын айтты. «Бир адам-бмр добуш» ирээтин киргизишибиз керек. Аны калыбына келтиргенче ар турдүү…

Прочитайте больше

Facebook, Whatsapp жана Instagram бирдиктүү системага өтөт

Facebook, Whatsapp жана Instagram бирдиктүү системага өтөт

Facebookтун башчысы Марк Цукерберг Facebook, Whatsapp жана Instagram мессенжерлерин бир экосистемага чогултууну пландоодо. Бул туурасында The New York Times гезити жазды. Маалыматка ылайык ар бир сервис өз алдынча иштей берет, бирок башка сервистин колдонуучулары менен мессенжерди которбой баарлаша алат. Мисалы, Facebookтун колдонуучусу Whatsappта гана аккаунту бар досуна билдирүү жөнөтө алат. Бүгүнкү күндө бирдиктүү ядро жок болгондуктан бул мүмкүн эмес. Компания айтылган маалыматты тактап, бул ой качан ишке ашарын билдирген эмес. Кошумчалай кетсек Facebook компаниясына тиешелүү…

Прочитайте больше
1 2 3