Боинг 707 учак кырсыгынан каза тапкандардын аты-жөнү жарыяланды

14-январда Бишкектен Ирандын Караж шаарына эт ташып бара жатып, Фатх аэропортунда кырсыкка учураган учактын экипажынын аты-жөндөрү белгилүү болду.

Мехр агенттигинин маалыматына ылайык, бул учакта 16 экипаж мүчөлөрү бар эле жана алардын аты-жөндөрү төмөнкүдөй:
1. Гафур Кажаванд 2. Мухаммад Бакер Надери 3. Жавад Сулеймани 4. Мухаммад Абдали 5. Азирали Ализаде 6. Саид Касеми 7. Феридун Шейхи 8. Шакер Ажарлу 9. Мариям Зареи 10. Али Афру 11. Мухаммад Реза Тахери 12. Мустафа Махмуди 13.Жавад Муради 14. Хамед Реза Латийфиян 15. Давуд Зулфакари жана 16. Фаршад Махдавинежад алардын ичинене тирүү калган.

Белгилей кетсек, бул учакта 30 тонна кой эти жүктөлгөн.
Эске салсак, 14-январда таң эрте Бишкектен Ирандын Караж шаарынын Паям аэропортуна бет алган бул учак адашып, Фатх аэропортуна конуп алып, кайра көтөрүлөөрдө аэропорттун айланасындагы дубалдарды теше сүзүп, бир үйгө такалып жарылган. Тилекке жараша ал үйдө эч ким жашабастыгы маалым болгон.

Комментарий жиберүү