Кабулдагы жардыруудан 40тан ашуун киши жабыркады

Жабыркагандардын арасында 10 бала бар. Бул тууралуу Fars агенттиги кабарлады. Айрым маалыматтарга караганда, жарылуу чет өлкөлүк күчтөр жайгашкан Грин Виллаж районунда болгон. Ооганстандын ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы  Нажиб Данеш чет өлкөлүк аскерлердин лагерлеринин биринин жанында мина коюлган унаа жардырылганын билдирди.

Ал бул жардырууну террордук акт деп атады. Өлкөнүн cаламаттык сактоо министрлигинин өкүлү бул террордук чабуулда 44 киши жаракат алып, бардыгы ооруканага жеткирилгенин айтты.

Комментарий жиберүү