Лавров:Сирияны Араб өлкөлөрүнүн лигасына кайтаруу керек

Сириянын тышкы иштер министри Сирияны Араб өлкөлөрүнүн лигасына кайтарууга аракет кылуу зарыл экенин билдирди.

Россиянын ТИМ жетекчиси Сергей Лавров Тунистеги сапарынын алкагында кесиптеши  Хмайес Жинауи менен жолугушуп, эки тараптуу саясий сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Сүйлөшүүлөрдүн алкагында С. Лавров Сирияны Араб өлкөлөрүнүн лигасына кайра кайтарууга аракет кылуу зарыл экенин баса белгилеп өттү.
Хмайес Жинауи дагы Сирияны Араб лигасына кайтаруу маселесине токтолуп, “Бул маселеде бардык арабдардын чечими керек жана 31-мартта Тунисте өтүшү пландалып жаткан араб мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин жыйынында бул маселе каралат”, – деп билдирди.

Орусиянын тышкы иштер министри Түндүк Африка, Алжир, Марокко жана Тунис өлкөлөрүнө иш сапары менен барып, кесиптештери менен жолугушуп, аймактык жана эл аралык маселелер, Сирия кризиси тууралуу талкуу жүргүздү.

Жарыяланды 01

Комментарий жиберүү