Малайзиянын министри израилдик спортчуларды өлкөгө киргизбөө чечимин колдоду

Малайзиянын Спорт министри сионисттик режимдин спортчуларын өлкөгө киргизбөө боюнча өкмөттүн чечимине колдоо көрсөттү.

Parstoday агенттигинин маалыматына ылайык, Саид Садык Саид Абдырахман 28-январда билдирүү жасап мындай деди: Малайзия эл аралык деңгээлде Палестинаны колдоп,  ушундай чечим кабыл алды жана аны өзгөртпөйт.  Палестина маселеси бир дүйнөлүк маселе жана Малайзия өкмөтү бул боюнча өз чечиминен эч бир шартка карабастан артка кайтпайт.

Белгилей кетсек, мурдараак Малайзиянын премьер-министри Махатхир Мохамад Малайзия 2019 дүйнөлүк олимпиадасына катышууну каалаган израилдик спортчуларга виза бербөө чечимин кабыл алганын жарыялаган.

2019 Параолимпиадалык мелдештер быйыл 29-июлда 70 өлкөнүн катышууларында Малайзиянын  Саравак штатында өтмөкчү.

Жарыяланды 01

Комментарий жиберүү