Орусия Тажикстан боюнча эскертүү берди

ИШИМ террордук тобунун көптөгөн мүчөлөрү Тажикстанга өткөрүлүшкөнүн улам, Орусия террордук операцияларга каршы даярдык көрүүдө. Орусия ИИМнин орун басары Игорь Зубов 28-январда билдирүү жасап, белгисиз тик учактар бир топ ИШИМдин элементтерин Пакистандан Орусиянын түштүк чегараларына жакын жердеги  Тажикстандын чегарасына өткөрүшкөнүн жарыялады.

Белгилей кетсек, Пакистан менен Тажикстан жер жана тоо аркылуу Ооганстандын түндүк-чыгыш Вахан тоолору менен бөлүнүп турат.

Зубовдун айтымына караганда, ИШИМ Орусияга зыян келтирүү максатында жаңы террордук аракеттерге даярдануулары мүмкүн.

Жарыяланды 02

Комментарий жиберүү