Орусия:Гуаидону расмий таануу чет өлкөлүк кийлигишүү болуп саналат

Орусия:Гуаидону расмий таануу чет өлкөлүк кийлигишүү болуп саналат

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков кээ бир Европа өлкөлөрүнүн Хуан Гуаидону Венесуэланын президенти катары расмий тааныгандыгын бул өлкөнүн ички иштерине кийлигишүү болуп саналат деп билдирди. Бул тууралуу Mehr агенттиги ИТАР-ТАСС агенттигине шилтеме берип жазды. “Венесуэладагы саясий кризисти бул өлкөнүн эли гана чече алат. Москванын көз карашы боюнча кандайдыр бир чечимдерди таңуулоо же бийликти тартып алуу аракетин  мыйзамдаштырууга аракет жасоо Венесуэалынын ички иштерине түздөн-түз жана кыйыр кийлигишүү болуп саналат”, -деп билдирди Песков. Белгилей кетсек, кечээ, 4-февралда айрым…

Прочитайте больше

Орусияда балдар бараткан автобус оодарылып, 7 киши каза болуп,20сы жаракат алды

Орусияда балдар бараткан автобус оодарылып, 7 киши каза болуп,20сы жаракат алды

Орусиянын Калуга облусунда балдар түшкөн автобус оодарылып кетип,  анын кесепетинен 7 адам каза болду. Бул тууралуу Орусиянын маалымат каражаттарына шилтеме берүү менен  RT агенттигинин маалыматына ылайык, кечээ, 3-февралда Смоленск шаарынан Калуга шаарына бара жаткан автобус кырсыкка кабылып, оодарылып кеткен. Автобуста  48 адам бара жаткан, анын ичинен 33ү жаш балдар болгон. Орусиянын ички иштер министрлигинен кабарлашкандай, окуядан 7 адам каза болуп, 20дан ашууну жаракат алды.

Прочитайте больше

Франция Чадга абадан чабуул жасады

Франция Чадга абадан чабуул жасады

Радикалдарга каршы күрөшүү шылтоосу менен франциялыктар Чадга кол салышты. Франция армиясы Чаддагы радикалдардын аракеттерин токтотуу шылтоосу менен өлкөгө абадан чабуул жасады. Франциянын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө,  Ливиядагы радикалдар тобу 40 унаа менен Чадга киришкен жана франциялык согушкерлер алардын кыймылына тоскоолдук кылуу максатында бомбалашкан. Учурда бул чабуулдан зыян тартуулар боюнча маалыматтар бериле элек. Белгилей кетсек, бул чабуул Франциянын Чаддын президенти Идрис Дубайга болгон алгачкы аскердик колдоосу болуп саналат. Эске салсак, Франция көптөн бери бир канча африкалык өлкөлөргө…

Прочитайте больше

Сомалинин борбор калаасында бомба катылган унаа жарылды

Сомалинин борбор калаасында бомба катылган унаа жарылды

Могадишо шаарында бомба катылган унаанын жарылуусунан 11 адам мерт кетип, 9у жаракат алды. Parstoday агенттигинин маалыматына ылайык, Сомали полициясы бул жардыруу Могадишодогу бир соода борборунун жанында болгонун билдирди. Азырынча жардырууну эч бир топ мойнуна ала элек. Белгилей кетсек, акыркы жылдары аль-Каидага тиешелүү болгон аш-Шабаб террордук тобу Сомали жана башка коңушу өклөлөрдөгү террордук актыларды жасап келген. Бул террордук топ 2007-жылдан бери Сомалинин өкмөтүн түшүрүүгө аракт жасап келет. 2011-жылы аш-Шабаб террордук тобу Сомали армиясы жана Африка бирикмесинин аскердик…

Прочитайте больше

Ирак: Америка Иранга көз салууга уруксатыбызды сураган эмес

Ирак: Америка Иранга көз салууга уруксатыбызды сураган эмес

«Америка президенти Трамп Ирактагы аскердик базаларынын Иранга көз салып туруусу үчун бизден уруксат сураган эмес. Американын аскердик күчтөрү терроризмге каршы күрөшүү үчүн түзүлгөн келишимдин негизинде Иракта жайгашкан. Иранды көзөмөлдөө учүн эмес!».  Ирактын президенти Бархам Салихтин мындай билдирүүсүн Reuters агенттиги жазып чыкты. Бугүн, 4-февралда Багдадда өткөн форумда журналисттердин: «CBS каналына Дональд Трамп Ирактагы аскердик базалары аркылуу өзгөчө кооптуу Иран мамлекетине көз салып, көзөмөлдөп турганы жөнүндө айткан сөзүнө кандай пикирдесиз?»,-деген суроосуна жооп берди. Анда президент Салих: «Албетте,…

Прочитайте больше

Мадуро:Чет өлкөлүк кийлигишүүлөргө каршы турабыз

Мадуро:Чет өлкөлүк кийлигишүүлөргө каршы турабыз

Венесуэланын президенти Николас Мадуро Европа өлкөлөрүнүн мөөнөтүнөн мурда президенттик  шайлоо өткөрүү тууралуу ультиматумун четке кагып, чет өлкөлүк ар кандай кийлигишүүлөргө каршы турабыз деп баса белгиледи. Маалыматка ылайык, Мадуро анын өлкөсү ар кандай чет өлкөлүк кийлигишүүлөрдөн коргонууга даяр деп белгиледи. Белгилей кетсек, кечээ, 3-февралда Европа Биримдигинин айрым өлкөлөрү, анын ичинде Франция Венесуэла өкмөтү ушул күндүн аягына чейин мөөнөтүнөн мурда президенттик  шайлоо өткөрүү тууралуу чечим кабыл албаса, анда Венесуэланын оппозициялык Улуттук ассамблеянын башчысы Хуан Гуаидону бул өлкөнүн…

Прочитайте больше