Футболчу Саланын денеси деңизден чыгарылды

Футболчу Саланын денеси деңизден чыгарылды

Аргентиналык футболчу Эмилиано Сала кырсыкка учураган учактын сыныктары менен бирге табылган дене футболчуга таандык экени аныкталды. Бул тууралуу англиялык аба кырсыктарын изилдөө тобунун маалыматында айтылды. Ага ылайык, аптанын башында деңиз астын изилдеген узактан башкарылчу аппарат тартып чыккан видеодо 67 метр тереңдикте учактын сыныгынын ичиндеги адамдын денеси көрүнгөн. Белгилүү футболчулар жана башка ыктыярдуу адамдардын материалдык жардамы менен ал деңизден алып чыгарылды. Коомдук желелерден анын кесиптештери-футболчулар суук кабарды кайгыруу менен билдиришти. Эске салсак, 21-январь күнү Франциядан Англияга…

Прочитайте больше

Кыргызстан коңшу өлкөлөргө сууну сатууну көздөөдө

Кыргызстан коңшу өлкөлөргө сууну сатууну көздөөдө

Кыргызстан суу сактагычтарды кармоого кеткен чыгымдарды жабуу үчүн Өзбекстан менен Казакстандан акы талап кылышы мүмкүн. Жогорку Кеңеш Суу кодексине жана “Суу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү экинчи окуудан кабыл алган. Ага ылайык, жарандыгына, менчигинин түрүнө жана чарба жүргүзүү формасына карабастан сууну пайдалануу үчүн акы алынары көрсөтүлгөн. Жогорку Кеңештин “Республика Ата-Журт” фракциясынан депутат Умбетали Кыдыралиев өкмөт эмнеге суу сактагычтарга кеткен чыгымдарды жабууну кечеңдетип, сууну топтоп бергени үчүн кошуналардан акы талап кылбай жатканына кызыкты. – Кыргызстандагы суу сактагычтардан жылына…

Прочитайте больше

Камакта 27 жыл жаткан палестиналык туткундун өлүмү

Камакта  27 жыл жаткан палестиналык  туткундун өлүмү

Палестина маалымат булактарында  сионист түрмөсундө 51 жаштагы туткундун    шейит болгодугу   жарыяланган . Отчетко караганда ,Фарс Барауд  51 жаштагы палестиналык   туткун  Газанын батыш бөлүгүндөгу Аль Шати лагеринде   болгон , сионист түрмөсунөн райондук камак борборуна которулгандан кийин шейит болгон деп билдирүүдө. Палестина бийлигинин айтымына караганда палестиналык ,туткунга  айтайлап эле анын ден – соолугуна кам көрүлбөй , медициналык жардам  берилген эмес деп жарыялады . Башка жагынан алганда Ассошиэйдет  басмасынын   билдирүсүнө караганда  , Палестина башкармалыгына   палестиналык  шейитин  укуктарын жокко чыгаргандыгы…

Прочитайте больше

Стамбулдагы кулаган үйдөн 11 киши жан берди

Стамбулдагы кулаган үйдөн 11 киши жан берди

Стамбулдун Картал районунда кулап кеткен сегиз кабат үйдүн урандысында каза болгондордун саны 11 ге жетти. Бул тууралуу Ички иштер министри Сулейман Сойлу билдирди. Анын айтымында 13 жарадардын абалы жакшы. Маалыматтарга ылайык учурда ыкчам издөө-куткаруу иштери кызуу журүүдө. Коңшу үйлөрдөгү тургундар ушундай кырсык өздөрунун имараттарында болушунан тынчсызданып жатышканын билдиришүүдө. Анткени кулаган үй сыяктуу уруксат берилгенден ашыкча бийик курулган үйлөр аймакта ондоп саналарын бары эле билишет. Эске салсак, аптанын башында Стамбул шаарында сегиз кабаттуу үй кулап, ичиндеги…

Прочитайте больше

Казакстандагы сууктан улам коомдук кыймыл токтоду

Казакстандагы сууктан улам коомдук кыймыл токтоду

Коңшу Казакстанда аба ырайы кескин сууп, коомдук кыймылды токтотту. Бул тууралуу Centralasian сайты жазды. Маалыматка ылайык, катуу сууктан улам өлкөнүн Караганды, Павлодар, Кокшетау, Чыгыш-Казакстан жана Түндүк Казакстан облустарындагы мектептерде сабактар токтотулду. Мындан тышкары 8-февралда Астанада коллеждердин биринчи курсунда окугандарга да сабакка келбей коюуга уруксат берилди. Аба ырайына байланыштуу өлкөдөгү бир топ автоунаа жолдорунда кыймыл токтоду. «Казахавтодор» ишканасынын маалыматына караганда, Павлодар облусундагы жана Астанадан чыгуучу жолдордун баары жабылды. Чыгыш-Казакстан, Акмоло жана Түндүк Казакстан облустарында коомдук жана…

Прочитайте больше

Израиль Мьянма өкмөтүнө курал-жарак сатууну дагы деле улантууда

Израиль Мьянма өкмөтүнө курал-жарак сатууну дагы деле улантууда

Израилдин “Haaretz” басылмасы Тель-Авив Мьянма өкмөтүнүн рохинжа-мусулмандарына каршы  геноцид жүргүзүп жаткандыгына жана эл аралык коомчулуктун бул өлкөдөгү адам укуктарынын бузулушун сынга алганына карабай дагы деле бул өлкөгө курал-жарак сатып, жылуу мамилелерди сактоону улантып жатканын маалымдады. Буга чейин Израилдин маалымат каражаттары жана активисттери Мьянма армиясынын бир катар башчылары Израилге барганын кабарлашкан. Сионисттик режимдин армиясы рохинжа-мусулмандарына каршы кылмыш жасап жаткан Мьянма армиясына курал-жарак сатып жаткандыгы туурасында маалымат таратуудан карманууда. “Haaretz” басылмасы кабарлагандай, Тель-Авив 2017-жылдын күз мезгилинде бул…

Прочитайте больше

Орусия Венесуэлага аскердик кийлигишүү боюнча катуу эскертүү берди

Орусия Венесуэлага аскердик кийлигишүү боюнча катуу эскертүү берди

Орусия дагы бир ирет Венесуэллага ар кандай аскердик кийлигишүү боюнча эскертүү берип, мындай аракет эң жаман сценарий болоорун белгиледи. Орусия ТИМ жетекчисинин орунбасары Сергей Рябков Венесуэла боюнча байланыш тобунун жыйынында Венесуэлага жасалган аскердик кийлигишүү региондогу эң жаман сценарийге айланаарын катуу эскерткен. Ал ошондой эле Венесуэла маселесине карата айткан айрым чет өлкөлөрдүн билдирүүлөрүнө тынчсызданып, мындан ары аталган жыйынга венесуэлалык ар кандай топтор катышып, маселени чечүү  керектигин баса белгилеген. Орусия ТИМ жетекчисинин орунбасары Венесуэла боюнча байланыш тобунун…

Прочитайте больше