Орусия Ирактагы жарандарынын балдарын кайтарып келди

Орусия Ирактагы жарандарынын балдарын кайтарып келди

Кечээ, 10-февралда Орусия Иракка кеткен жарандарынын балдарынын экинчи тобун өлкөгө кайтарып келди. Бул тууралуу Риа новости жазды. Маалыматка ылайык, Ирак жана Сирияда пайда болгон ИШИМ террордук тобуна кошулуп кеткен ата-энелери менен жүргон 4-13 жаштагы 27 бала кайтарылды. Алардын кээ биринин аталары кагылыштарда каза болуп, калгандары Иракта соттолуп, камакта олтурушат. Алып келинген балдар медииналык жана психологиялык кароодон өткөн соң камкордугуна ала турган жакындарына тапшырылды. Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча Ирак жана Сирияда он жашка чейинки…

Прочитайте больше

Кыргызстандын жеңил атлетчилери Ирандагы чемпионатка катышат

Кыргызстандын жеңил атлетчилери Ирандагы чемпионатка катышат

Чемпионат 19-февралдан 23-февралга чейин жабык имаратта өтөт. Кыргызстандын тогуз жөө күлүгү Иранда өтө турган жеңил атлетика боюнча Борбор Азиянын чемпионатына катышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады. Маалыматка ылайык, чемпионат 19-февралдан 23-февралга чейин жабык имаратта өтөт. Мелдешке бара турган кыргызстандык жөө күлүктөрдүн тизмеси: Анна Буланова 25 жашта; Гүлшанай Сатарова 27 жашта; Эркинбек Шеров 23 жашта; Кирилл Сарасов 21 жашта; Шахзат Садыкжан уулу 22 жашта; Михаил Солошенко 19 жашта; Баястан Максатбек уулу…

Прочитайте больше

Стамбулда ураган үй: бир бүлөдөн 9 киши каза таап, жаназасына Эрдоган катышты

Стамбулда ураган үй: бир бүлөдөн 9 киши каза таап, жаназасына Эрдоган катышты

Маркумдарды жерге берүү зыйнатына Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган катышты. Түркиянын Стамбул шаарынын Картал районунда урап түшкөн 8 кабаттуу үйдүн урандыларынын алдынан бир үй-бүлөдөн 9 кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Haberler басылмасы жазды. Маркумдардын сөөгүн жерге берүү зыйнатына президент Режеп Тайип Эрдоган баштаган мамлекеттик жетекчилер катышты. “Ураган имараттын алдынан Алемдардын үй-бүлөсүнүн 9 мүчөсүнүн сөөгү жерге берилди. Алардын жаназасына президент Режеп Тайип Эрдоган, коргоо министри Хулуси Акар, өнөр жай министри Мустафа Варанк, ички иштер министри Сүлейман Сойлу, айлана чөйрө жана…

Прочитайте больше

Россияда рак илдетине каршы жаңы дары жасалды

Россияда рак илдетине каршы жаңы дары жасалды

Бул каражат көптөгөн адамдардын өмүрүн сактап калууга шарт түзөт. Россиялык окумуштуулар ракты дарылай турган жаңы дары ойлоп табышты. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Маалыматка караганда, бул каражат залалдуу шишикти иммунотерапия жолу менен дарылоого жардам берет. Иммунотерапия — онкологиялык ооруларды дарылоонун жаңы ыкмасы. Мындай ачылыш жасаган АКШлык жана япониялык окумуштуулар 2018-жылы Нобель сыйлыгына татыган. “2019-жылы каттоодон өткөрүлөт деп турган бул каражат Америка менен Япониянын окумуштуулары тарабынан ойлоп табылган. Препарат нобель сыйлыгына татыгын башка дарылардын аналогу эмес. Тескерисинче, андан…

Прочитайте больше

Испаниялыктар бийликтин отставкасын талап кылууда

Испаниялыктар бийликтин отставкасын талап кылууда

Испаниянын борбору Мадрид шаарындагы борбордук Колон аянтына 45 миңден ашуун киши чогулуп, премьер-министр Педро Санчестин отставкасын талап кылышты. Бул тууралуу европалык басылмалар жазды. Маалыматка ылайык, митингчилер испан бийлигин Каталонияны бөлүүнү каалаган сепаратисттердин талаптарын аткарууга жакындоодо деп айыпташууда. Акцияга өлкөдөгү оңчул партиялардын бары чыгып, Испания мындай бийликке татыктуу эмес экенин айтып, 2020-жылга белгиленген шайлоону эртелетүүнү талап кылышты. Санчес өкмөтү болсо Каталония боюнча сүйлөшүү сунушун сепаратисттер кабыл албаганын билдирүүдө. Алардын айтымында каталондуктар өз алдынчалык үчүн референдум өткөрүүнү…

Прочитайте больше

Сириядагы ИШИМдин акыркы жайлары жок кылынууда

Сириядагы ИШИМдин акыркы жайлары жок кылынууда

Сириянын түндүк аймагындагы күрд түзумдөрүнун  «Сириянын демократиялык күчтөрү» армиясы ишемби күнү «ИШИМ» террордук тобунун көзөмөлүндөгү акыркы аймакка чабуулун баштады. Бул тууралуу Centralasian басылмасы жазды. Күрд кошуунунун өкүлү Reuters агенттигине бул чабуул алардын «ИШИМ» тобуна каршы Сирия аймагындагы акыркы кармашы экенин билдирди. АКШ башында турган эл аралык коалиция «Сириянын демократиялык күчтөрүнө» абадан колдоо көрсөтүүдө. «ИШИМ» тобунун жоочулары Сириянын Евфрат өзөнүнүн боюндагы беш чарчы чакырым жердеги бир нече айылды ээлеп турушат. Акыркы күндөрү ал жерлерден 20 миңдей…

Прочитайте больше

Германия президенти май айында Өзбекстанга келет

Германия президенти май айында Өзбекстанга келет

Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер 2019-жылдын май айында Өзбекстанга раймис сапар менен келет. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты. Маалыматка ылайык, иш-чара Өзбекстандын Министрлер кабинетине караштуу чет өлкөлөр менен эл аралык байланыштар жана достук мамилелер боюнча комитети тарабынан уюштурулуп жатат. Белгилей кетсек, өзбек лидери Шавкат Мирзиёев үстүбүздөгү жылдын январында Франк-Вальтер Штайнмайерди расмий иш сапары менен Өзбекстанга чакырган.

Прочитайте больше