Кыргызстандын жеңил атлетчилери Ирандагы чемпионатка катышат

Чемпионат 19-февралдан 23-февралга чейин жабык имаратта өтөт.

Кыргызстандын тогуз жөө күлүгү Иранда өтө турган жеңил атлетика боюнча Борбор Азиянын чемпионатына катышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, чемпионат 19-февралдан 23-февралга чейин жабык имаратта өтөт.

Мелдешке бара турган кыргызстандык жөө күлүктөрдүн тизмеси:

  • Анна Буланова 25 жашта;
  • Гүлшанай Сатарова 27 жашта;
  • Эркинбек Шеров 23 жашта;
  • Кирилл Сарасов 21 жашта;
  • Шахзат Садыкжан уулу 22 жашта;
  • Михаил Солошенко 19 жашта;
  • Баястан Максатбек уулу 23 жашта;
  • Айбек Сыргакбеков машыктыруучу.

Улуттук курама команданын мүчөлөрү спорттун олимпиадалык түрү боюнча дирекция тарабынан каржыланат. Ага дирекциянын бюджетинен 434 миң сом каралган.

Комментарий жиберүү