Стамбулда ураган үй: бир бүлөдөн 9 киши каза таап, жаназасына Эрдоган катышты

Маркумдарды жерге берүү зыйнатына Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган катышты.

Түркиянын Стамбул шаарынын Картал районунда урап түшкөн 8 кабаттуу үйдүн урандыларынын алдынан бир үй-бүлөдөн 9 кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Haberler басылмасы жазды.

Маркумдардын сөөгүн жерге берүү зыйнатына президент Режеп Тайип Эрдоган баштаган мамлекеттик жетекчилер катышты.

“Ураган имараттын алдынан Алемдардын үй-бүлөсүнүн 9 мүчөсүнүн сөөгү жерге берилди. Алардын жаназасына президент Режеп Тайип Эрдоган, коргоо министри Хулуси Акар, өнөр жай министри Мустафа Варанк, ички иштер министри Сүлейман Сойлу, айлана чөйрө жана шаар куруу министри Мурат Курум менен саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа келди. Жаназа намазын дин иштери боюнча министр али Эрбаш окуду”, — деп айтылат маалыматта.

Аткаминерлер табыттарды мүрзөгө чейин көтөрүп барышкан.

Белгилей кетсек, акыркы маалыматтар боюнча 6-февралда болгон кырсыктан 21 киши каза болгон. Түрдүү жаракаттарды алган 14 киши куткарылган.

Жарыяланды 02

Комментарий жиберүү