Каракста Мадуронун тарапташтарынын митинги башталды

Каракста Мадуронун тарапташтарынын митинги башталды

Венесуэланын борбор калаасы Каракста бул өлкөнүн мыйзамдуу президенти Николас Мадуронун тарапташтырын массалык митинги өтүп жатат. Бул тууралуу Mehr агенттиги Sputnik агенттигине шилтеме берип жазды. Маалыматка ылайык, Мадуронун тарапташтыры бул митингге Батыш өлкөлөрү колдогон Венесуэланын оппозиция лидери Хуан Гуайдонун чакырыгына жооп иретинде чыгышты. Белгилей кетсек, Венесуэла акыркы бир нече күндүн ичинде маанилүү саясий окуяларга туш болду. Венесуэланын оппозициялык Улуттук ассамблеясынын башчысы Хуан Гуайдо 23-январда Каракстагы өкмөткө каршы демонстрация учурунда өзүн бул өлкөнүн убактылуу президенти деп жарыялаган. Анын жарыясынын…

Прочитайте больше

Францияда 1796 сары кемселчен абак жазасына тартылды

Францияда 1796 сары кемселчен абак жазасына тартылды

Франциянын премьер-министри Эдуард Филипп, Улуттук парламентте сүйлөгөн сөзүндө митингдердеги зомбулук окуяларын жана мамлекеттик имараттарга зыян тийгизүүлөрдү айыптады. Франциянын премьер-министри Эдуард Филипп, сары кемселчендердин акцияларында чыккан окуялардын себебинен 1796 киши абак жазасына тартылганын айтты. Эдуард Филипп, Улуттук парламентте сүйлөгөн сөзүндө митингдердеги зомбулук окуяларын жана мамлекеттик имараттарга зыян тийгизүүлөрдү айыптады. Сары кемселчендердин акциялары башталгандан бери болгон окуялардын себебинен 1796 кишиге абак жазасы берилгенин жана 1422 кишинин соту али боло электигин билдирген Эдуард Филипп, 18 киши туурасында болсо…

Прочитайте больше

Лавров АКШны эскертти

Лавров АКШны эскертти

Сергей Лавров менен Майк Помпео сүйлөштү. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров америкалык кесиптеши Майк Помпео менен өткөргөн телефондогу сүйлөшүүсүндө Венесуэланын ички иштерине карай кийлигишүүлөр темасында эскертти. Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, тышкы иштер министр Лавров менен америкалык кесиптеши Помпео Венесуэладагы акыркы кырдаалды талкуулашты. Орусиянын БУУнун карамагында буга байланыштуу сүйлөшүүлөргө даяр экенин ырастаган Лавров, АКШнын Венесэлага каршы санкцияларын күчөтүүгө карата пландарын болсо сынга алды. Лавров АКШны аскердик кадамдар менен катар Венесуэланын ички…

Прочитайте больше

Американын Сирияга жасаган чабуулунан 70 жай тургун набыт болду

Американын Сирияга жасаган чабуулунан 70 жай тургун набыт болду

Сирияда АКШ коалициясынын соккусунан Багуз айылынын жетимиштен ашык жай тургуну набыт болду. Бул тууралуу Parstoday агенттиги Сириянын расмий SANA басылмасына шилтеме берип маалымдады. Маалыматка ылайык, абадан урулган соккулардан террористтерден качкан жай тургундар унаалары менен бирге күйүп кетишкен. Берилген маалыматтарга караштуу, бул кол салуудан ондогон жарадарлар да катталды. Белгилей кетсек, кечээ качкындар лагериндеги 20 киши жаза тийген октон каза болушканы кабарланган эле. Эске салсак, АКШ күч түзүмдөрүнүн колдоосу менен араб-күрддөрдөн түзүлгөн топтор ишемби күнү аймактагы ИШИМ террордук тобунун…

Прочитайте больше

Түркияда Гүлендин уюму менен байланышы бар 600 киши камакка алынды

Түркияда Гүлендин уюму менен байланышы бар 600 киши камакка алынды

Түркиянын коопсуздук күчтөрү кечээ, 12-февралда дин аалымы Фетхуллах Гүлендин ФЕТӨ уюму менен байланышы бар деген шек менен 600дөн ашуун адамды камакка алды. Бул тууралуу Fars агенттиги AFP агенттигине шилтеме бирип кабарлады. Түркиянын коопсуздук күчтөрү өткөн айда дагы 2016-жылдын 15-июлунда Түркияда бийликти басып алууга аракеттенген адамдар менен байланышта болгон деген айып менен 100дөй адамды камакка алган. Эске салсак, Түркия бийлиги 2016-жылдагы ишке ашпай калган аскердик төңкөрүштүн артында динаятчы Фетхуллах Гүлен турат деп эсептейт.  АКШда жашаган Гүлен бул окуяларга…

Прочитайте больше

Сирияда машыгып келген террорчу колго түштү

Сирияда машыгып келген террорчу колго түштү

9-февралда УКМК менен ИИМ биргеликте эл аралык террордук уюмдардын (ЭТУ) жана согушкерлердин КР аймагына кирүүсүнө бөгөт коюу максатында өткөрүлгөн контртеррордук иш-чараларынын алкагында 1991-жылы туулган  Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын коомчулук менен байланыш кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 2014-жылы Р.У. чет өлкөдөгү диний мекемелерден билим алып жатып, эл аралык террордук уюмдун көзөмөлүнө түшүп жана үй-бүлөөсү менен биргеликте Сирияга кеткен. Кармалган адам ЭТУ лагерлеринин биринен аскердик машыгуудан өтүп жана Сирия Араб Республикасынын өкмөттүк күчтөрүнө каршы согуштук чыр-чатакка…

Прочитайте больше