Индияда террордук чабуулдан 40 тан ашуун киши набыт кетти

Индиянын Кашмир штатында жанкечти-террорчу  полиция күчтөрүн салып бараткан автобуска кол салып, андан улам 44 полиция кызматкери каза тапты.

Бул тууралуу ISNA агенттиги Reuters агенттигине шилтеме берип кабарлады. Кол салуу жоопкерчилигин “Жаиш-е-Мухаммад” террордук уюму өзүнө алды. Маалыматка караганда, жанкечти жардыргыч зат коюлган унааны Индиянын полиция күчтөрүнүн кербенинин жанынан жардырып жиберген. Бул окуядан кийин Индиянын тышкы иштер министрлиги Пакистандан террорчуларды жана террордук топторду колдоону токтотууну талап кылды.

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Кашмирдеги террордук актыны каттуу айыптап, каза болгон полиция күчтөрүнүн өлүмү үчүн өч алууну убада кылды. Ал Индиянын кошуналарына бул өлкөнү туруксуздаштыруусуна жол бербейбиз деп билдирди.

Жарыяланды 02

Комментарий жиберүү