Филиппиндин аталышы“Махарликага”өзгөрүшү мүмкүн

Филиппиндин президенти өлкөнүн атын өзгөртүүнү караштыруу зарылдыгын айтты.

Бломберг маалыматына шилтеме берип кабарлады.
Филиппиндин президенти  Родриго Дутрета өлкөнүн аты өзгөрүшү мүмкүн экенин белгиледи.
Белгилей кетсек, Родриго Дутрета бул тууралуу өз сөзүндө мындай деген: Өлкөнүн Филиппин деп аталышынын себеби тарыхта бул жер Magellan аркылуу Филип падышанын акчасы менен ачылган. Эч нерсе эмес,  бир күнү өлкөбүздүн атын өзгөртөбүз…. Махарлика республикасы… Анткени Махарлика малай тилиндеги сөз жана “тынчтык” деген маанини туюндурат.
Ал эми өкмөттүн басма сөз катчысы Сальвадор Панелло өлкөнүн президенти өз ой-пикирин гана билдиргенин жана кийинчерээк Конгрессте бул маселе талкууга алынаарын айткан.
Эске салсак, Филиппиндин атын Махарликага өзгөртүү сунушу экс-президент Фердинанд Маркостун убагында айтылган эле.

Комментарий жиберүү