Кыргызстанда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыргызстанда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыргызстанда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. КРын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн саат саат 10:44тө Жалал-Абад облусунун аймагында катталган. Жер титирөө Кара-Көл шаарында жана Токтогул районунун Саргата, Үч-терек, Бор-Дөбө айылдарында – 3,5 балл, Жетиген, Кара-Жыгач айылдарында – 3 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Прочитайте больше

Кыргызстандык футболчу белоруссиялык клуб менен үч жылга келишим түздү

Кыргызстандык футболчу белоруссиялык клуб менен үч жылга келишим түздү

Футболчу буга чейин “Алга, Бишкек” футбол клубунда ойноп келген. Кыргызстандык футболчу белоруссиялык клуб менен келишим түздү. Бул тууралуу өлкөнүн аталган спорттун түрү боюнча федерациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасынын чабуулчусу Гулжигит Алыкулов чет өлкөлүк “Неман” клубунунун атынан үч жыл ойнойт. Ушул жылдын март айында башталчу Белоруссиянын чемпионатында ал оюн талаасына чыга баштайт. Алыкулов буга чейин “Алга, Бишкек” футбол клубунда ойноп келген.  

Прочитайте больше

Кыргызстандагы ири мамлекеттик ишкана интернет жарнамага 12 миллион сом сарптайт

Кыргызстандагы ири мамлекеттик ишкана интернет жарнамага 12 миллион сом сарптайт

интернет айдыңындагы жарнамага тендер жарыялады. MegaCom бренди менен таанымал “Альфа Телеком” компаниясы жарнамага 12 миллион сомдой каражат сарптоону пландап жатат. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалат. Билдирүүгө ылайык, 15-февралда аталган мамлекеттик ишкана интернет айдыңындагы жарнамага 11 миллион 999 миң 769 сомго тендер жарыялады. Бул каражаттар контексттик жана таргетингдик жарнамаларды жайгаштырууга жумшалат. Анын мөөнөтү 11-мартта жыйынтыкталат.  

Прочитайте больше

Муфтият экстремизм менен терроризмге каршы күрөшүүдө ИИМ менен чогуу иштейт

Муфтият экстремизм менен терроризмге каршы күрөшүүдө ИИМ менен чогуу иштейт

Эки тараптуу жолугушуунун алкагында өлкөдөгү диний кырдаал талкууланып, кызматташууну бекемдөө сүйлөшүлдү. Муфтият экстремизм, терроризмге жол бербөө, экстремисттик агымдарга бөгөт коюу иштерин алып барууда Ички иштер министрлигинин атайын кызматы менен чогуу иштейт. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди. Ага ылайык, муфтий Максатбек ажы Токтомушев Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын башчысы Жеңиш Жоробеков менен жолукту. Эки тараптуу жолугушуунун алкагында өлкөдөгү диний кырдаал талкууланып, кызматташууну бекемдөө сүйлөшүлдү. Аны менен катар жаштардын, элдин…

Прочитайте больше

Чарчайт, кубарат, көп тумоолойт. Баладагы рак илдетинин белгилери l

Чарчайт, кубарат, көп тумоолойт. Баладагы рак илдетинин белгилери  l

Онкологдун айтымында, баланын рак оорусу өлүмгө өкүм эмес. Жаш организм чоңдор чыдабаган медициналык процедураларды жеңилирээк көтөргөндүктөн, алардын 80-90 пайызы толук сакайып кетет. Баланын ракка кабылганын кайсы белгилер аркылуу байкаса болорун Молдованын Онкология институтунун Балдар гемотологиясы бөлүмүнүн башчысы Ирина Пласкевич айтып берди. “Балдардын рак илдети көбүнесе өтүшүп кеткен 4-стадиясында билинет. Анткени көп учурда ал сасык тумоо, чарчап-чалыгуу, дененин ар кайсы жери көгөрүүсү менен коштолот. Мындай учурда ата-энелер рак жөнүндө ойлонбойт. Баланын күнүмдүк жашоосунда кезиге турган майда-чүйдө нерселер…

Прочитайте больше

7 сааттан кем уктоо өлүмгө алып келиши мүмкүн. Окумуштуулардын иликтөөсү

7 сааттан кем уктоо өлүмгө алып келиши мүмкүн. Окумуштуулардын иликтөөсү

Дарыгерлердин айтымында, адамдын инсультка кабылышына атеросклероз дарты бирден-бир себеп болот. Күнүнө жети сааттан аз уктаган адамдарда инсультка кабылуу тобокелчилиги көбүрөөк болорун Массачусетс жалпы клиникалык ооруканасынын дарыгерлери аныктаган. Бул туурасындагы илимий иш Natureжурналына жарыяланган. Экспериментти чычкандарга жүргүзүшкөн. Аларды эки топко бөлүп, биринчиси түндө жети сааттан аз уктаган, экинчиси көп уктап бирөө ойготкондо гана турган. Жыйынтыгында аз уктаган чычкандарда лейкоциттин деңгээли жогорулап, атеросклероз кагылтыры өсүп кеткен. Ошол эле учурда эки топтогу чычкандардын тең салмагы жана холестериндин деңгээли өзгөргөн…

Прочитайте больше

Депрессиянын мээге тийгизген таасири айтылды

Депрессиянын мээге тийгизген таасири айтылды

Окумуштуулар изилдөөдө адамдын мээсин сканерлеп, ага концентрат катары радиоактивдүү затты колдонушкан. Позитрондук-эмиссиондук томография учурунда радиоактивдүү заттан нур чыгып, мээдеги нейрондордун байланышы көрүнөт. Анын жыйынтыгында депрессияга кабылган бейтаптар өздөрү курактууларга караганда мээсиндеги нейрондордун байланышы жакшы болбогону аныкталган. Андыктан окумуштуулар депрессия борбордук нерв системасынын эрте картаюусуна алып келет деген жыйынтыкка келишкен

Прочитайте больше

Түндүк жана Түштүк Кореялар олимпиадага бирге катышкысы келет

Түндүк жана Түштүк Кореялар олимпиадага бирге катышкысы келет

2020-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарынын ачылыш аземинде Түштүк Корея менен Түндүк Корея чогуу чыгууга кызыктар. Бул тууралуу Reuters агенттиги Эл аралык олимпиада комитетиинин президенти Томас Бахка шилтеме берип жазды. 15-февралда Лозанна шаарында эки өлкөнүн жана комитеттин өкүлдөрүнүн жолугушуусу өттү. Анда кореялыктар бир курама команда болуп чыгууга да макул экендигин айтышкан. Мындай сунушту кабыл алуу боюнча эл аралык комитет талкуулай тургандыгын айткан. 2018-жылдын сентябрында Пхеньянда Түндүк жана Түштүк Кореялардын президенттери 2032-жылкы Жайкы олимпиаданы биргеликте өткөрүү…

Прочитайте больше

Нигерияда президенттик шайлоонун мөөнөтү артка жылды

Нигерияда президенттик шайлоонун мөөнөтү артка жылды

Нигериянын  көз карандысыз улуттук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоонун мөөнөтүн бир жумага жылдыруу чечимин бүгүн 16-февралда кабыл алды. Себеби катары шайлоону ачык-айкын өткөрүүгө даярдыктар толук бүтпөгөндүгү айтылууда. Шайлоо комиссиянын 15-февралдагы текшерүүдө көпчүлүк шайлоо участкаларында мүчүлүштүктөр чыккан. Мындан улам добуш берүүгө 8 саат калганда анын мөөнөтүн 23-февралга жылдырды. Эске салсак, Негерияда президенттик шайлоо бүгүн 16-февралга белгиленген. Өлкө башчылыкка 91 саясий патиядан 73 талапкер ат салышууда. Алардын арасында учурдагы президент 76 жаштагы Мухаммед Бухари да бар.

Прочитайте больше

Ким Чен Ын менен Трамптын жолугуусуна даярдык башталды

Ким Чен Ын менен Трамптын жолугуусуна даярдык башталды

Түндүк Кореянын кеңешчиси, өлкө башчысы Ким Чен Ындын жардамчысы Ким Чхан Сон Гуанчжоудогу сапардан соң, Ханойго келип конду. Бул тууралуу япондук NHK каналы билдирди. Теледен Гуанчжоу жергесиндеги аэропортто Ким Чхан Сондун эскалатор аркылуу жүрүп баратканы көрсөтүлгөн. Бул сапар, 27-28-февралда Түндүк Корея менен Америка өлкө башчыларынын экинчи жолку жолугушуусуна байланыштуу. Атайын саммит өтүүчү жерди кароого келген деген божомолдор айтылууда. Ким Чхан Сон биринчи саммитте да алдын ала Сингапурга барып байкоо жүргүзүп келген. Эске сала кетсек, эки…

Прочитайте больше

Конго демократиялык республикасында кызамыктан каза болгон балдар

Конго демократиялык республикасында кызамыктан каза болгон балдар

Конгодо кызамыктан 137 бала каза тапты. Конго демократиялык республикасынын түштүк чыгышында чыккан кызамык эпидемиясынан жылдын башынан бери 137 бала каза тапты. БУУнун Ырааттуулук Миссиясы (MONUSCO) тар137 бала каза тапты.абынан берилген маалыматка караганда өлкөнүн Луалаба жана Ломами аймактарында кызамык эпидемиясы чыкты. Жылдын башынан бери келе жаткан эпидемиядан менен ооруган 7 миң 175 кызамык оорулуусу аныкталып, 137 бала болсо каза болду. Каза болгондордун көпчүлүгүнүн 5 жаштан кичүү болгон балдар экендиги белгиленди. Адистер аймактагы эпидемияны эмдөөнүн кемчилиги жана жетерсиз…

Прочитайте больше

Дүйнөдө согуштан улам жыл сайын 100 миңден ашуун ымыркай көз жумат

Дүйнөдө согуштан улам жыл сайын 100 миңден ашуун ымыркай көз жумат

Эл аралык “Балдарды сактоо” (Save the Children)  уюму дүйнөдө согуштун айынан жыл сайын 100 миңден ашуун ымыркай көз жумарын баяндамасында билдирди. Бул тууралуу Mehr агенттиги Al-Nashra басылмасына шилтеме берип кабарлады. Аталган уюмдун баяндамасына караганда, 2013-2017-жылдар аралыгында согуш болуп жаткан 10 өлкөдө  эле кеминде 550 миң ымыркай ачкачылык, медициналык кызматтын жана жардамдын жоктугунан улам көз жумган. Каза болгон беш жашка чейинки ымыркайлардын санын эске алганда? ушул эле мезгил аралыгында согуштун кесепеттеринен улам жалпы 870 миң бала көз жумган….

Прочитайте больше

Германия АКШнын өзөктүк келишимден чыгуу чакырыгын четке какты

Германия АКШнын өзөктүк келишимден чыгуу чакырыгын четке какты

Германиянын тышкы иштер министри Хейко Маас Мьюнхендеги коопсуздук боюнча конференцияда Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимди колдоп, АКШнын вице-президенти Майк Пенстин бул келишимден чыгуу тууралуу чакырыгын четке какты. Бул тууралуу Fars агенттиги кабарлады. Маалыматка ылайык, Германиянын тышкы иштер министри Хейко Маас “Биз бүгүнкү күнгө чейин Британия, Франция жана жалпы Европа Биримдиги менен бирге Иранды өзөктүк келишимде кармоо жолдорун таптык”, – деп билдирди. Ал өзөктүк келишимсиз аймак коопсуз болуп калбай тургандыгын айтып, ачык кагылышууга бир кадам жакын болуп каларын…

Прочитайте больше

Эрдоган:1998-жылдагы келишимди кабылдайбыз

Эрдоган:1998-жылдагы келишимди кабылдайбыз

Түркия президенти 1998-жылдагы келишимдин негизинде Сирия менен келишпестикти  жоюуну баса белигледи. IRINN агенттигинин маалыматына ылайык, Режеп Таип Эрдоган  өз өлкөсү 1998-жылы Аданада бекитилген Сирия менен келишпестиктерди жоюу келишимин жүзөгө ашыруу керектигин тактады. Белгилей кетсек, Адана 98 келишими Абдулла Ожаландын өлкө кыйын кырдаалга кабылган мезгилинде же  Күрдистан Жумушчулар Партиясынын күчкө ээ болуп турган кезде Түркия менен Сириянын ортосунда бекитилген. Бул келишимдин негизги өзөгү Сирия Түркиянын оппозициялык күрттөрүнө колдоо көрсөтпөөсү эле. Учурда Түркия жогорудагы келишимге ылайык, Сириянын Түндүгүндөгу…

Прочитайте больше