Германия АКШнын өзөктүк келишимден чыгуу чакырыгын четке какты

Германиянын тышкы иштер министри Хейко Маас Мьюнхендеги коопсуздук боюнча конференцияда Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимди колдоп, АКШнын вице-президенти Майк Пенстин бул келишимден чыгуу тууралуу чакырыгын четке какты.

Бул тууралуу Fars агенттиги кабарлады. Маалыматка ылайык, Германиянын тышкы иштер министри Хейко Маас “Биз бүгүнкү күнгө чейин Британия, Франция жана жалпы Европа Биримдиги менен бирге Иранды өзөктүк келишимде кармоо жолдорун таптык”, – деп билдирди. Ал өзөктүк келишимсиз аймак коопсуз болуп калбай тургандыгын айтып, ачык кагылышууга бир кадам жакын болуп каларын билдирген.

14-февралда АКШнын вице-президенти Майк Пенс Варшавадагы Иранга каршы жыйында Европа өлкөлөрүн Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимден чыгууга чакырган. Пенс Европа Биримдигинин Иран менен соода-сатык жүргүзүүнү жеңилдетүү үчүн механизмдерди ишке киргизүү аракетин баса белгилеп, “Бул бир гана Иранды бекемдеткен, Европа Биримдигин алсыраткан жана Европа менен АКШнын ортосунда көбүрөөк дистанция түзгөн туура эмес кадам”, -деп билдирген.

Ошондой эле ал “Биздин европалык өнөктөштөр Ирандын өзөктүк келишиминен чыгып, Иранга экономикалык жана дипломатиялык кысым көрсөтүү үчүн  бизге кошулуусуна убакыт келди. Бул аракет Иран элине, аймакка жана дүйнөгө тынчтык, коопсуздук жана эркиндик бере алат ”, – деп белгилеген.

Эске салсак, АКШнын президенти Дональд Трамп 8-майда Иран менен болгон өзөктүк келишимден чыкканын жарыялап, Иранга каршы санкциялардын бардыгы калыбына келтирилерин билдирген. Ирандын автоунаа секторуна, алтын жана башка металлдар менен соодасына багытталган санкциялардын биринчи баскычы августта күчүнө кирген. Ал эми Ирандын мунай секторуна каршы багытталган санкциялардын экинчи баскычы ноябрдан тартып күчүнө кирген.

Жарыяланды 02

Комментарий жиберүү