Депрессиянын мээге тийгизген таасири айтылды

Окумуштуулар изилдөөдө адамдын мээсин сканерлеп, ага концентрат катары радиоактивдүү затты колдонушкан. Позитрондук-эмиссиондук томография учурунда радиоактивдүү заттан нур чыгып, мээдеги нейрондордун байланышы көрүнөт.

Анын жыйынтыгында депрессияга кабылган бейтаптар өздөрү курактууларга караганда мээсиндеги нейрондордун байланышы жакшы болбогону аныкталган.

Андыктан окумуштуулар депрессия борбордук нерв системасынын эрте картаюусуна алып келет деген жыйынтыкка келишкен

Комментарий жиберүү