Дүйнөдө согуштан улам жыл сайын 100 миңден ашуун ымыркай көз жумат

Эл аралык “Балдарды сактоо” (Save the Children)  уюму дүйнөдө согуштун айынан жыл сайын 100 миңден ашуун ымыркай көз жумарын баяндамасында билдирди.

Бул тууралуу Mehr агенттиги Al-Nashra басылмасына шилтеме берип кабарлады. Аталган уюмдун баяндамасына караганда, 2013-2017-жылдар аралыгында согуш болуп жаткан 10 өлкөдө  эле кеминде 550 миң ымыркай ачкачылык, медициналык кызматтын жана жардамдын жоктугунан улам көз жумган.

Каза болгон беш жашка чейинки ымыркайлардын санын эске алганда? ушул эле мезгил аралыгында согуштун кесепеттеринен улам жалпы 870 миң бала көз жумган. Уюмдун баяндамасында балдар көбүнчө Ооганстан, Йемен, Түштүк Судан, Борбордук Африка Республикасы, Конго Демократиялык Республикасы, Сирия, Ирак, Мали, Нигерия жана Сомалидеги куралдуу чыр-чатактарда жабыркаганы айтылды.

Жарыяланды 02

Комментарий жиберүү