Кыргызстанда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыргызстанда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды.

КРын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн саат саат 10:44тө Жалал-Абад облусунун аймагында катталган.

Жер титирөө Кара-Көл шаарында жана Токтогул районунун Саргата, Үч-терек, Бор-Дөбө айылдарында – 3,5 балл, Жетиген, Кара-Жыгач айылдарында – 3 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Жарыяланды 01

Комментарий жиберүү