Евробиримдик Орусияга жаңы санкциялары салат

Евробиримдик Орусияга жаңы санкциялары салат

Евробиримдик алдыдагы эки апта ичинде Орусияга киргизилчү Керч кысыгындагы окуяларга байланыштуу санкцияларын аныктайт. Бул тууралуу биримдиктин эл аралык мамилелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Федерика Могерини билдирди. Анын айтымында мүчөлөр эки аптада кандай санкциялар кирерин белгилешет. Буга Керч кысыгында орус чек арасын бузуп кирди делген үч украиналык кемелердин жана аскерлердин Орусияда кармалып турушу да себеп болууда. Адистердин айтымында мурунку санкцияларга дагы бир нече жеке тараптар кошулушу мүмкүн. Эске салсак, 2014-жылы Крымдын Орусияга өтүшүнө Кремлди айыптаган Евробиримдик…

Прочитайте больше

Акыркы бир суткада 900 сириялык мекенине кайтты

Акыркы бир суткада 900 сириялык мекенине кайтты

Акыркы бир суткада Сирияга 900 жаран кайтып келди. Бул тууралуу өлкөнүн Качкындарды тосуп алуу жана камсыздоо кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, келгендердин басымдуу бөлүгү Иордания менен Ливияга качып баргандар. Алардын 800ү Иордания менен чектешкен өтмөктөн киришкен. Ал эми акыркы суткада Сириянын ичинде журт которгондордон 40 киши өз турак-жайына кайтып келген. Эске салсак, 2011-жылы башталган жарандык согуштун айынан миллиондогон жаран өлкөдөн качып чыккан. Алардын эң көбү 3 миллион чамалуу киши Түркияда баш калкалоодо. Өлкөдөгү согуш солгундап, башкаруу…

Прочитайте больше

Брюсселдеги бүгүн Сирия жана Орусияга каршы санкциялар каралат

Брюсселдеги бүгүн Сирия жана Орусияга каршы санкциялар каралат

Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлери бүгүн Брюсселде Сириядагы акыркы абал жана уюмдун Орусияга каршы санкциялары тууралуу талкуу жүргүзүшөт. Бул тууралуу Mehr агенттиги маалымдады. Берилген маалыматка караганда, Брюсселде ЕБтин министрлери бүгүнкү жыйындын алкагында Венесуэла окуяларын дагы карап чыгышмакчы. Мындан тышкары Конго демократиялык республикасындагы шайлоо темасы дагы жыйындагы маанилүү маселелердин катарын толуктамакчы. Белгилей кетсек, Европа Биримдигинин бир катар тышкы иштер министрлери үч күндөн бери Мюнхен коопсуздук жыйынына катышып келе жатышат жана бүгүнкү жыйында дагы Мюнхен конференциясын талкууга алуусу күтүлөт.

Прочитайте больше

Сионисттик аскерлер Газага чабуул жасашты

Сионисттик аскерлер Газага чабуул жасашты

Сионисттер күчтөрүнүн чабуулунан 20 палестиналык жаракат алды. Parstoday агенттигинин маалыматына ылайык, сионисттик режимдин күчтөрү 17-февралда Газанын түндүк тилкесиндеги Абу Сафия аймагына чабуул жасашып, 20дай палестиналыкты жарадар кылышкан. Палестинанын маалымат каражаттары сионисттик аскерлер түнкү демонстрацияга чыккан палестиналыктарга ок-дары жана уулуу газдарды камтыган бомбаларды колдонушканын кабарлашкан. Ошондой эле сионисттик күчтөр Бейту Ханундагы палестиналык коргонуу күчтөрүнүн базасына артиллериялык чабуул жасашкан. Белгилей кетсек, сионисттик режимдин күчтөрү 2017-жылдын декабрь айынан баштап Газа тилкесине чабуулдарын улантып келет. Азыркыга чейин бул кол салуулардан…

Прочитайте больше

Ливан менен Ирак Астана сүйлөшүүлөрүнө катышууга даяр

Ливан менен Ирак Астана сүйлөшүүлөрүнө катышууга даяр

Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары  Сергей Вершинин Ливан менен Ирак Астана жыйынына катышууга даярдыгын жана алардын аталган сүйлөшүүлөргө байкоочу катары катышуу мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирди. Бул тууралуу Fars агенттиги маалымдады. Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары бул тууралуу Мюнхен коопсуздук жыйынынын алкагында билдирди. Анын айтымында, Багдад менен Бейрут бул маселе тууралуу алгачкы сүйлөшүүлөрдө эле Астана жыйынына катышууну кубатташкан жана аны тезирээк алдыга жылдырууга көмөк көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришкен. Ирак менен Ливан Сирия маселесине байланышкан жана алдыдагы…

Прочитайте больше

Польша Израилге «таарынды»

Польша Израилге «таарынды»

Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецкий Израилге болчу сапарынан баш тартты. Буга Израилдин лидери Буньямин Натеньяхунун Холокост окуясында Польша фашисттерге өнөктөш болгондугу тууралуу пикири себеп болду. Ошондой эле ал Польшаны фашисттик иштерге ортоктош болууга айыптагандар үчүн киргизилген мыйзамды да сындаган. Немец басылмаларында Натеньяхунун сөздөрү жарыялангандан кийин Польшанын өкмөт башчысы Иерусалимде өтө турчу Польша, Венгрия, Чехия жана Словакиядан турган Вышеград төрттүгүнүн саммитине Варшавадан эч ким барбасын билдирген. Мамлекеттик басылмалар Натеньяхунун сөзүнө өзгөртүү киргизип, кечирим сураган менен Польша бийлиги…

Прочитайте больше