Новиков: ИШИМ Афганистанда ордо курууда

Новиков: ИШИМ Афганистанда ордо курууда

«Сирия жана Ирактан качкан ИШИМ террордук тобунун кишилери Афганистанда топтолуп, өз түнөгүн курууда. Бул коркунуч жалпы Орто Азияны тооруйт». Мындай пикирин КМШнын Терроризмге каршы күрөшүү кызматтарынын жыйынында КМШ боюнча борбордун жетекчиси Андрей Новиков билдирди. Анын айтымында, буга чейин божомолдонуп жаткан жагдай, тилекке каршы, тастыкталды. ИШИМ жана башка топтордун мүчөлөрү Афганистанда кубаттуу ордосун түзүүгө жетишүүдө. Мындан сырткары аталган топтун «Жаңы көч» деп аталган долбоорунун КМШ мамлекеттеринин ичинде да ээн-эркин күч топтоо ыктымалдыгы жогору. Эске салсак, терроризмге…

Прочитайте больше

АКШ: укук коргоочулар Трампка каршы биригишти

АКШ: укук коргоочулар Трампка каршы биригишти

Америкадагы алдынкы укук коргоо уюмдары президент Дональд Тамптын администрациясы жарыялаган Өзгөчө кырдаалга каршы биригишип, анын алынып салынышы үчүн сотко кайрылышты. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазууда. Трампты сотко бергендердин арасында өлкөдөгү эң таасирдүү «Америкалык жарандык эркиндиктер союзу (ACLU) да бар. Уюмдун билдирүүсүндө: «Трамптын жасалма Өзгөчө кырдаалы жана анын иммигранттардын үй-бүлөлөрүнө карата кысымы биздин демократия үчүн чоң коркунуч жаратат»,-делет. Укук коргоочулардын сотко берген арызында бюджетти кайрадан өзгөртүп бөлүштүрүү мыйзамга жана конституциялык принциптерге каршы келери белгиленген. Эске…

Прочитайте больше

Индияда эки учак кагылышты

Индияда эки учак кагылышты

Карнатака провинциясында оюн зоок коюш үчүн сыноо учуусун кылган эки учактын кагылыша кетишинин себебинен бир киши каза таап, эки киши жаракат алды. Индиянын түштүк жагындагы Карнатака провинциясында оюн зоок коюш үчүн сыноо учуусун кылган эки учактын кагылыша кетишинин себебинен бир киши каза таап, эки киши жаракат алды. Өлкөдөгү медиада орун алган маалыматтарга караганда Индиянын аба күчтөрүнүн акробатика командасынын сыноосу убагында эки учак абада кагылыша кетти. Полиция кызматы учактардын кагылышуусунун себебинен бир учкуч набыт болгонун белгилеп,…

Прочитайте больше

Сауд Арабия Калашников автоматын чыгарат

Сауд Арабия Калашников автоматын чыгарат

Сергей Чемезов Сауд Арабияда Калашников автоматынын чыгарылышына байланыштуу келишимге айдын акырына чейин кол коюларын айтты. Орусиянын коргоо өнөр жай фирмасы Ростехтин СЕОсу Сергей Чемезов Сауд Арабияда Калашников автоматынын чыгарылышына байланыштуу келишимге айдын акырына чейин кол коюларын айтты. Чемезов Бириккен Араб Эмирликтеринин борбор шаары Абу Дабиде өткөрүлгөн 14 –  IDEX эл аралык коргоо жарманкеси жана конференциясында журналисттердин суроолоруна жооп берди. Сауд Арабияда Калашниковдун чыгарылыш үчүн сүйлөшүүлөрдүн улантылып жаткандыгын белгилеген Чемезов : «Сауд Арабия  тууралуу келишимге айдын…

Прочитайте больше

Иракта ДЕАШ кол салуусу

Иракта ДЕАШ кол салуусу

Кол салууда 3 кизи каза тапты. Ирактын Анбар шаарынын түштүк – чыгышында ДЕАШ террордук уюм тарабынан коопсуздук күчтөрүнө жасалган кол салууда 3 киши каза болду. Ирак коопсуздук күчтөрүнөн капитан Ахмет ел  – Дулейми террордук уюм ДЕАШ мүчөлөрүнүн Анбар шаарынын батышындагы Нухейиб кыштагында Ирак  – Сауд Арабия чек ара пунктуна жасаган куралдуу кол салууда эки полициянын каза болгондугун билдирди. Террордук уюм ДЕАШ мүчөсү террористтердин кол салуудан кийин сегиз кишинин качырылгандыгын билдирген Дулейми алардын ичинен үчөөсүнүн полиция…

Прочитайте больше

Каирдин борборунда жан кечти-террорчу өзүн-өзү жардырды

Каирдин борборунда жан кечти-террорчу өзүн-өзү жардырды

Каирдин борборундагы “Аль-Азхар” мечитинин жанында жанкечти-террорчу өзүн-өзү жардырып жиберди. Бул тууралуу Fars агенттиги кабарлады. Египеттин ички иштер министрлиги кабарлагандай, жардыруудан коопсуздук күчтөрүнүн эки кызматкери каза болуп, 3 киши жаракат алды. Египетте буга чейин 16-февралда дагы террордук кол салуу болгон. Бул өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн басма сөз катчысы террордук элементтер Түндүк Синайдагы коопсуздук бекетине кол салып, андан улам  бир аскер набыт болуп, 14 киши жаракат алганын маалымдаган. Белгилей кетсек, Египеттин армиясы жана полициясы өткөн жылдан баштап террорчуларды жок кылуу,…

Прочитайте больше