Сауд Арабия Калашников автоматын чыгарат

Сергей Чемезов Сауд Арабияда Калашников автоматынын чыгарылышына байланыштуу келишимге айдын акырына чейин кол коюларын айтты.

Орусиянын коргоо өнөр жай фирмасы Ростехтин СЕОсу Сергей Чемезов Сауд Арабияда Калашников автоматынын чыгарылышына байланыштуу келишимге айдын акырына чейин кол коюларын айтты.

Чемезов Бириккен Араб Эмирликтеринин борбор шаары Абу Дабиде өткөрүлгөн 14 –  IDEX эл аралык коргоо жарманкеси жана конференциясында журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Сауд Арабияда Калашниковдун чыгарылыш үчүн сүйлөшүүлөрдүн улантылып жаткандыгын белгилеген Чемезов : «Сауд Арабия  тууралуу келишимге айдын акырына чейин кол коюлат. Саудиялыктар өндүрүштө 90 пайызга чейин жергиликтештирүүнү каалап жатат. Биз болсо мунун дагы аз болушун каалап жатабыз»,- деди.

Венесуэлада Калашников заводунун курулушунун улантылып жаткандыгын белгилеген Чемезов : «Заводдун курулушу жылдын акырына чейин бүткөрүлөт. Венесуэла менен келишимибиздин бир бөлүгү кредит менен бир бөлүгү накталай акча менен түзүлдү»,- деди.

Бир канча убакыт мурда Ростехтен берилген маалыматта Жакынкы Чыгыш аймагы менен бирге Бразилия менен да кызматташуу тармактарынын сүйлөшүлгөндүгү билдирилген.

Михаил Калашников тарабынан 1947 –  жылы долбоорлонгон Калашников автоматы дүйнөнүн көп жайылган жеңил куралы катары билинет.

Жарыяланды 02

Комментарий жиберүү