Сионисттик режим Газанын чыгыш аймагына абадан чабуул жасады

Сионисттик режим Газанын чыгыш аймагына абадан чабуул жасады

Сионисттик режимдин бир согуш учагы 20-февралда кечке жуук Газанын чыгыш аймагына абадан чабуул жасаган. Fars агенттигинин маалыматына ылайык, сионисттик режим Газанын чыгыш аймагындагы Хамас коргонуу  базасына күйүүчү баллондорду таштоо менен абадан чабуул коюшкан. Бул тууралуу сионисттик режимдин армиясынын басма сөз катчысы Аве Эдрей өз билдирүүсүндө израилдик бир согушкер учагы Газадагы Хамастын базасын бомбалаганын белгилеген. Анын айтымында, бул чабуул израилдиктердин шаарчасына жиберилген палестиналыктардын  жардыргычтар камтылган баллондоруна карата жооп болгон.

Прочитайте больше

Пакистан Сирияда террорчуларга үй курууда

Пакистан Сирияда террорчуларга үй курууда

“Аль-Каида” террордук уюмуна жакын болгон медиа активисттери Пакистан Сириянын Идлиб провинциясынын түндүк тарабындагы террордук топтор үстөмдүк кылган аймактагы курулуш долбоорлоруна катышып жаткандыгын  далилдеген сүрөттөрдү жарыялады. Бул тууралуу Fars агенттиги кабарлады. Маалыматка ылайык, Идлиб провинциясындагы Эд-Дана аймагынын түндүк-чыгышында долбоорлонгон бул ири шаарчада 1500дөн ашуун үй курулуп жатат. Эд-Дана шаары Идлиб провинциясынын түндүгүндө жайгашкан жана 2012-жылдан бери “Аль-Каида” террордук уюмуна байланышы бар топтордун жана сириялык ваххабит оппозициялардын көзөмөлүндө турат. Пакистан болуп көрбөгөндөй каржы кризисине жана террорчулукту колдоо маселеси боюнча…

Прочитайте больше

Венесуэла Бразилия менен болгон чек арасын жапты

Венесуэла Бразилия менен болгон чек арасын жапты

Венесуэланын президенти Николас Мадуро Бразилия менен чек арасын 21-февралдан тарта гуманитардык жардам киргизбөө үчүн жапты. Бул өлкөгө 23-февралда АКШдан жардам келмек. Reuters агенттиги жазгандай, Мадуро Колумбия менен болгон чек ара да жабыларын айткан. “Мен мындай чечимди кабыл алгым келген эмес, бирок муну жасашым керек”, — деди Мадуро. Себеби ал Венесуэлага Колумбиядан келе турчу гуманитардык жардам менен оппозиция провокация уюштуруп жатканын, бул жөн гана шоу экенин билдирет. El Nacional маалымат порталынын жазганына караганда, Колумбиядан келе турчу…

Прочитайте больше

АКШда Трамптын Венесуэлага кийлигишпөөсүн талап кылган митинг өтөт

АКШда Трамптын Венесуэлага кийлигишпөөсүн талап кылган митинг өтөт

23-февраль күнү Нью-Йорк шаарында «Эл аралык иш аракеттер борбору» уюштурган митинг болот. Бул тууралуу борбордун маалымат кызматы жарыялады. Маалыматка ылайык, нааразылык акциясынын максаты-Венесуэлага колдоо көрсөтүү жана АКШ бийлигинин анын ички ишине кийлигишүүсүн токтотуусун талап кылуу. «Венесуэлада согуш болбосун! Мунай согушуна жол жок!» чакырыгы менен өтө турчу митингге жарандык активисттерден тарта демократияны колдогон бардык тараптардын катышуусу күтүлүүдө. Уюштуруучулар Америка бийлигин Венесуэланын мунайына ээ чыгууну көздөп жатканына ишендиришүүдө. Мындай кызыкчылык кандуу кагылыштарга алып келүүсү ыктымал экенин белгилешет….

Прочитайте больше

Трамп менен Эрдоган Сириядан АКШнын аскерлерин чыгаруу боюнча макулдашышты

Трамп менен Эрдоган Сириядан АКШнын аскерлерин чыгаруу боюнча макулдашышты

Америка менен Түркиянын президенттери телефондо сүйлөшүштү. Irna агенттигинин маалыматына ылайык, Америка менен Түркиянын президенттери телефондо сүйлөшүп, эки тараптын кызыкчылыгын эске алуу менен Сириядан АКШнын аскерлерин чыгарууну макулдашышты. Эки өлкөнүн башчылары Сириядагы акыркы абал, саясий чечимди колдоо жана АКШ менен Анкаранын кызыкчылыгында өлкөдөн Американын аскерлерин чыгаруу маселелери тууралуу сүйлөшүштү. Мындан тышкары Трамп менен Эрдоган Америка менен Түркиянын ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө макулдашышкан. Белгилей кетсек, Д. Трамп өткөн жылдын аягында күтүүсүздөн Вашингтон эки миң аскерин Сириядан чыгарып кетерин…

Прочитайте больше