Алтынчы кабаттан секирген кыз палатага которулду

Алтынчы кабаттан секирген кыз палатага которулду

Бишкек шаарындагы Туңгуч районунун алтынчы кабатынан секирген кыз оорукананын жандандыруу бөлүмүнөн катардагы палатага которулду. Жаракат алган кыз бүгүн, 25-февралда дагы бир жолу текшерүүдөн өттү. Бул тууралуу Маралга Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Эскерте кетели, 20-февралда Бишкектин Туңгуч кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 6-кабатынан өспүрүм кыз өмүрүн кыюуга аракет кылып боюн таштаган. Аны милиция кызматкерлери килем менен тосуп, аман алып калышкан. Кыз куткаруучулардын жана ылдый жактагы адамдардын суранычына карабастан секирген.

Прочитайте больше

Ажылыкка баруу үчүн 7391 адам катталды

Ажылыкка баруу үчүн 7391 адам катталды

2019-жылы Ажылыкка баруу үчүн каттоого алынган жарандардын жалпы саны 7391 адамга жетти. Бул тууралуу Мусулмандар диний башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады. Каттоого алынгандарды басымдуу бөлүгү Ош областынан болуп, 2 522 адамды түздү. Быйыл Нарындан 59 киши Ажылыкка аттанган. Белгилеп айтканда, Жалал-Абаддан 1603, Чүй областынан 1032, Баткен 698, Таластан 80, Ысык-Көлдөн 86, Ош шаарынан 741, ал эми Бишкек шаарынан 570 жаран Ажылыкка барууга ниеттенген. Кошумчалай кетсек, быйыл Кыргызстанга 5485 орун берилген.

Прочитайте больше

Венесуэла: Провокация уюштурган топ кармалды

Венесуэла: Провокация уюштурган топ кармалды

Венесуэланын коопсуздук кызматы чек арадагы жаңжал учурунда провокация уюштурган колумбиялык топту кармады. Бул тууралуу РИА Нововсти Венесуэла полициясынын өкүлүнө таянып жазды. Алардын арасында куралдуулар да болгон, алар Венесуэланын аскерлерине ок чыгарышкан. Учурда кармалгандар көрсөтмө берип жатышат. Эске салсак, 23-февралда Венесуэланын оппозициясы өлкөгө гуманитардык жардам алып кирүүгө аракет кылган. Бирок өлкөнүн расмий президенти Николас Мадуро буга тыюу салган. Мадуронун өкмөтү өлкөдө кризис жок экендигин, башка өлкөдөн жардам алып кирүү жөн гана провокация экендигин айтууда. Буга байланыштуу…

Прочитайте больше

Сауд Аравия алгачкы жолу айым элчини дайындады

Сауд Аравия алгачкы жолу айым элчини дайындады

Сауд Аравиянын элчилик кызматка алгачкы жолу айымды дайындады. Сауд Аравиянын падышасы Салман бен Абдель Азиз Аль Сауд ханзаада Риму бинт Бандар бен Султан бен Абдель Азиз Аль Саудту АКШдагы элчиликке башчы кылып дайындады. “ Сауд Аравиянын Америкадагы элчилигине министр рангында ханзаада Рима бинт Бандар бен Султан бен Абдель Азиз Аль Сауд дайындалат”,- деп жазылган буйрукта. Ханзаада Рима — падышанын уулу Бандардын кызы. Ал 1983-жылдан 2005-жылга чейин 22 жыл аралыгында Сауд Аравиянын АКШдагы элчилигинин башчысы болуп эмгектенген. Ханзаада Рима элчилик кызматка дайындалганга чейин Генералдык спорт федерациясынын өкүлү богон. Кошумчалай…

Прочитайте больше

БУУ:Акыркы 10 жылда Ооганстанда каза болгон жай тургундардын саны рекорддук чекке жетти

БУУ:Акыркы 10 жылда Ооганстанда каза болгон жай тургундардын саны рекорддук чекке жетти

Бириккен Улуттар Уюмунун кечээ, 24-февралда жарыялаган баяндамасында Ооганстанда 2018-жылы курман болгон жай тургундардын саны акыркы 10 жылда катталган каза болгондордон ашып, рекорддук чекке жеткенин маалымдады. Бул тууралуу ISNA агенттиги жазды. Уюмдун баяндамасына караганда, 2018-жылы курман болгон карапайым оогандыктардын саны 11%га өсүп, жалпы 3804 киши өлүп, 7189 адам жаракат алган. Улуттар уюмунун Ооганстандагы миссиясынын жылдык баяндамасында өткөн жылы бул өлкөдө аскердик операцияларда жалпысынан 10 миң 993 жай тургун каза болуп, жаракат алганы айтылды. Бул көрсөткүч 2009-жылдан бери эң…

Прочитайте больше