Ирактын экс-премьер-министри:Барак Обама ИШИМдин көбөйүшүнө жардам кылган

АКШнын  мурдагы президенти Барак Обаманын администрациясы ИШИМ террордук уюмунун өнүгүшүндө негизги ролду ойногон.

Бул тууралуу Ирактын экс-премьер-министри Нури аль-Малики жергиликтүү телеканалга берген маегинде билдирди. Sputnik агенттиги маалымдагандай, 2006-жылдан 2014-жылга чейин Ирактын премьер-министри кызматын аткарган Маликинин айтымында, Кошмо Штаттардын бир катар чечимдери ИШИМ террордук уюмунун Ирактын көп аймактарын басып алуусуна мүмкүндүк берген.

Ал АКШ анын өкмөтүн Ирактын чек арасына жакын Сириядагы ИШИМдин аскердик бөлүктөрү жайгашкан жери боюнча толук маалымат менен камсыз кылып турган. Ошентсе да, Ирак армиясы террорчулардын позициясына кол салуу үчүн аба күчтөрүнө муктаж болгон. Ирактыктар АКШ бийлигинен абадан колдоо көрсөтүүнү суранышкан. Бирок алар Ирактын суранычын четке кагып, Иорданиядан жардам суроону сунушташкан.

АКШ менен Иракты 2008-жылы түзүлгөн аскердик келишим байланыштырып турган. Ал эми Иордания менен эч кандай келишим болгон эмес. Ошондуктан Ирак армиясы абадан колдоосу жок чабуулду баштап, оор жоготууларга учураган.

Жарыяланды 02

Комментарий жиберүү