Сириянын президенти ИИР дин Руханий лидери менен жолугушту

Башар Асад: Сирия согушу Ирандын 8 жылдык жүктөлгөн согушундай болду.

IRINN: Сириянын президенти Башар Асад ИИРдин Улуу Руханий лидери менен болгон жолугушууда Иранды Сирия коргонуусунда көрсөткөн колдоолоруна терең ыраазычылыктарын билдирип: Сирия согушу Ирандын 8 жылдык жүктөлгөн согушундай болду,-деди.

“Иран Ислам Республикасы бул окуяда бизге чоң колдоо жана таяныч болду жана биз азыркы жеңишти баардык ирандыктарга куттук айтып,  терең ыраазычылыгымды билдирем”,-деди Сирия президенти.
Башар Асад “Сириянын иши бүттү” деп ойлогон айрым серепчилер тууралуу мындай деди: Иран менен Сирия эли эрктүү жана акыйдалуу эл жана бүгүнкү күндүн жетишкендиктери элдин туруштук берүүлөрүнүн мөмөлөрү болду. Көптөгөн өлкөлөр Америка дүйнөнүн келечегин жана башка өлкөлөрдүн тагдырын чечет деп ойлогондор учурда элдин эрки менен мындай туура эмес ишенимдер ишке ашпай жатканына күбө болууда.”

Ал ошондой эле Американын аймактагы эл арасында мазхаб арасында бөлүп жарууларга жасаган аракеттерине ишаара кылып, мындай деп кошумчалады: Бул аракеттер тескери натыйжа берди жана бүгүнкү Сирияда күрттөр, ар кандай уруу-улуттар жакшы мамиледе жашашат жана өкмөткө урмат көрсөтүшөт. Жада калса мурда өкмөткө каршы болгон улутчулдар учурда Америка менен Арабстандын оюна каршы Сирия өкмөтү менен жанашышты.
Сириянын президенти Сирия менен Иран аалымдарынын байланыштарын дүйнөлүк такфирдик идеологияга каршы күрөшүүгө жакшы учур экенин баса белгиледи.

Жарыяланды 01

Комментарий жиберүү