“Нахжаль-Балаъа”китеби кыргыз тилинде чыгат

“Нахжаль-Балаъа”китеби кыргыз тилинде чыгат

Азирети Алинин “Нахж аль-Балаъа” аталган ак кептер топтому кыргыз тилине которулду. IQNA агенттигинин маалыматына ылайык,  Ирандын Бишкектеги Маданий өкүлчүлүгүнүн демилгеси менен 352 беттүү “Нахж аль-Балаъа” китеби 500 нуска менен “Турар” басмаканасында чыгат. Белгилей кетсек, бул китепти котормочу Эрнис Асек уулу орус тилинен кыргызчага которуп, көркөмдөгөн. “Нахж аль-Балаъа” китеби буга чейин орус тилине которулуп, Москвада басылып чыккан.

Прочитайте больше

ИШИМ Борбор Азияда өзүнүн иш-аракет чөйрөсүн бекемдөөгө аракет кылып жатат

ИШИМ Борбор Азияда өзүнүн иш-аракет чөйрөсүн бекемдөөгө аракет кылып жатат

БУУнун башкы катчысынын контртеррордук башкаруу боюнча орун басары Владимир Воронков ИШИМ террордук уюму Борбор Азияда өзүнүн иш-аракет чөйрөсүн бекемдөөгө аракет кылып жатканын баяндамасында билдирди. Бул тууралуу Fars агенттигинин Душанбедеги өкүлчүлүгү кабарлады. Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин жакында жарыяланган ИШИМ коркунучу тууралуу баяндамасында, ИШИМ  Фергана өрөөнүндө террордук актыларды ишке ашыруу жөнүндө чечим кабыл алганы белгиленди. Воронков Коопсуздук Кеңешинин жыйынында, ИШИМ террордук уюмунун чабуулдарынын саны кыскарганына карабастан, ИШИМ борборлоштурулган башкаруусу менен глобалдык уюм катары дагы деле  коркунуч туудуруп жатат…

Прочитайте больше

Пакистан Индиянын учактарын атып түшүрдү

Пакистан Индиянын учактарын атып түшүрдү

Пакистандын армиясы Индиянын эки согуштук учагын атып түшүрдү. Исламабад жарыялаган маалыматка караганда, согуштук учактар Пакистандын аба мейкиндигине кирген. Бул тууралуу Sputnik агенттиги маалымдады. Индиянын учактарынын Пакистандын аба мейкиндигин бузушу менен Исламабад менен Делинин ортосундагы тиреш туу чокусуна жетти. Окуядан кийин Пакистандын армиясынын басма сөз өкүлү Асиф Гафур Twitter баракчасына өлкөнүн аба күчтөрү 27-февралда Индиянын эки согуштук учагын бутага алышканын жазып чыккан. Анын айтымында, учактардын бири Пакистандын аймагына кулаган, ал эми соккуга кабылган Индиянын дагы бир учагы өз…

Прочитайте больше

Пакистанда баардык ички жана тышкы аба каттамдары токтотулду

Пакистанда баардык ички жана тышкы аба каттамдары токтотулду

Пакистанда өзгөчө кырдаал жарыяланды. Fars агенттигинин маалыматына ылайык, Индия менен болуп жаткан тирешүүлөрдөн улам Пакистанда баардык ички жана тышкы аба каттамдары токтотулуп, өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланды. Бир дагы соода же жүргүнчүлөр учагы Пакистандын армиясынын жана өкмөтүнүн уруксатысыз уча албайт. Өзгөчө кырдаал режими алынып, каттамдар калыбына келтирилсе маалымдалары айтылууда. Пакистан армиясынын басма сөз катчысы Асеф Гафур бул кабарды тастыктоо менен Пакистандын баардык Индияга боло турган каттамдары дагы токтотулганын баса белгиледи. Ошондой эле, “Индиянын бир дагы соода же…

Прочитайте больше

Египетте поезд кырсыктап,20 киши каза болду

Египетте поезд кырсыктап,20 киши каза болду

Египеттин борбор шаары Каирдеги Рамсис темир жол вокзалында бир поезд өрттөнүп, андан улам 20 киши каза болуп, 40ы жаракат алды. Бул тууралуу Египеттин маалымат каржаттары кабарлаганын Fars агенттиги жазды. Маалыматка караганда, поезд  релстен чыгып кетип, платформага барып сүзүлгөндөн кийин вагондордун биринде өрт чыккан. Египеттин башкы прокурору Набиль Садик бул окуя боюнча тез арада иликтөө жүргүзүү үчүн тергөөчү топ түзүүнү буйруду. Ошондой эле бул өлкөнүн премьер-министри Мустафа Мадбули жана тилектештик министри Гада Вали кырсыктын чоо-жайын билүү үчүн окуя…

Прочитайте больше