Израиль аскерлери 2 палестиналыкты шейит кылды

Израиль аскерлери 2 палестиналыкты шейит кылды

Наблус шаарында Израиль аскерлери аткан ок менен 2 палестиналыктын шейит болгондугу билдирилди. Израиль аскерлери аткан ок менен Батыш Шерианын Наблус шаарында 2 палестиналык шейит болду. Палестина саламаттык сактоо министрлигинен берилген маалыматта Наблус шаарында Израиль аскерлери аткан ок менен 2 палестиналыктын шейит болгондугу билдирилди. Жарандык байланыш директору Мазин ед –  Денбек да Израиль аскерлеринин палестиналыктарга таандык жаназалары ушул кезге чейин тапшырбагандыгын айтты. Израиль аскерлери түнкү сааттарда Наблуска чабуул жасап аскерлер менен палестиналык жаштардын арасында кагылышуу чыккан….

Прочитайте больше

Германияда ПККны жактоочулар радио жана телеберүү имаратын басып алуу аракетин кылышты

Германияда ПККны жактоочулар радио жана телеберүү имаратын басып алуу аракетин кылышты

Кельндеги Бреслауэр аянтында чогулган 70 киши террор уюмун колдогон акция өткөрдү. Германиянын Кельн шаарында жикчил террордук уюм ПККнын жактоочулары, Батыш Германия радио жана телеберүү мекемеси (WDR) имаратын басып алуу аракетин кылышты. Кельндеги Бреслауэр аянтында чогулган 70 киши террор уюмун колдогон акция өткөрдү. Акциядан кийин тарап кетпеген 10 киши колдорунда террордук уюм тууралуу ураандар жазылган чүпөрөктөр жана түстүү жыртмалар менен мамлекеттик радио жана телеберүү имаратына кирип барды. Коопсуздук кызматкеринин полицияга кабар беришинин негизинде окуя болгон жерге…

Прочитайте больше

Эрдоган: Жаңы Зеландиядагы окатуучу ИШИМдин террорчуларынан айрымасы жок

Эрдоган: Жаңы Зеландиядагы окатуучу ИШИМдин террорчуларынан айрымасы жок

Түркиянын президенти исламофобия менен мигранттарды бөлүп-жарууга карата Батыш өлкөлөрүнүн унчукпоосун сынга алып, Жаңы Зеландиядагы мечитке кол салуучуну ИШИМ террордук тобунан айрымасы жоктугун айтты. Fars агенттигинин маалыматына ылайык, “Вашингтон пост” гезити Түркия президенти Режеп Таип Эрдогандын Жаңы Зеландия мечитине кол салган австралиялык жаран боюнча билдирүүлөрүн жарыялады. Белгилей кетсек, Эрдоган Түркиянын коопсуздук комитеттери Жаңы Зеландиядагы кесиптештер менен Крайстчерчтеги террордук чабуулдун чоо-жайын иликтөө боюнча кызматташаарын билдирген. Түркия президенти Нур мечитине кол салган Брентон Тарранттын манифестин ИШИМ террордук тобунун идеологиясы…

Прочитайте больше

Иран Израилге эскертүү жасады

Иран Израилге эскертүү жасады

Ирандын БУУдагы өкүлү: “Коргонуу укугунан баш тартпайбыз. ”Parstoday” агенттигинин маалыматына ылайык, Ирандын БУУдагы өкүлү сионисттик режимдин акыркы коркутууларына карата эскертүү берип, Иран өзүн коргоо укугунан баш тартпай турганын билдирди. Белгилей кетсек, сионисттик режимдин премьер-министри  Беньямин Нетаньяху Ирандын мунай экспортун “мунай контрабандасы” атоо менен көмүскө коркутуу менен мындай деген: “Израилдин дарыя күчтөрү керек болсо Ирандын контрабанда мунайын алдын торойт.” Сионисттердин бул жоосунсуз коркутууларына 19-мартта Ирандын БУУдагы өкүлү уюмга кат жолдоо менен Нетаньяхунун ачык коркутууларын БУУнун 2 беренесине…

Прочитайте больше

Нурсултан Назарбаев президенттиктен кетти

Нурсултан Назарбаев президенттиктен кетти

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев мамлекет башчылык ыйгарым укуктарын токтотконун жарыялады. Бул тууралуу ал 19-март кечинде республикалык телеканалдардан элге кайрылып жатканда билдирди. Назарбаев «Нур Отан» партиясынын лидери жана Коопсуздук кеңешинин төрагасы бойдон кала берерин айтып, бул кызматтарда ал Казакстандын ички жана тышкы саясатын аныктоо боюнча «олуттуу ыйгарым укуктарга ээ экенин» белгиледи. Билдирүүсүнөн кийин Назарбаев «акыркы» жарлыгына кол коюп, аны ошол жерде окуп берди. Документке ылайык, Назарбаев 2019-жылдын 20-мартынан тарта президенттик ыйгарым укуктарын тапшырып, мамлекет башчынын милдеттери…

Прочитайте больше

Guardian:СаудАравиянын падышасы Мухаммад бен Салмандын айрым ыйгарым укуктарын чектеди

Guardian:СаудАравиянын падышасы Мухаммад бен Салмандын айрым ыйгарым укуктарын чектеди

Батыш ЖМКасы арабстандык падыша Мухаммад бен Салмандын айрым ыйгарым укуктарын чектегенин жарыялады. Бул тууралуу Mehr агенттиги Guardian маалымат каражатына шилтеме берип маалымдады. Арабстан падышасы Малик Салман мураскер шахзаада Мухаммад бен Салмандын жана өлкөнүн Коргоо министринин айрым ыйгарым укуктарын алып салды. Агенттиктин айтымында, Мухаммад бен Салман министрлер делегациясынын айрым отурумдарына катышпаган жана бул себептен падышалык үй-бүлөдө бир катар келишпестиктер пайда болгон.  Ошондой эле мураскер шахзаада менен Арабстандын Коргоо министри 2 апта бою дипломатиялык жана министрлик жолугушуулар менен отурумдарга…

Прочитайте больше

Путин: «Жаңы Зеландиядагы террордук кол салуунун максаты өлкөнү баш аламан кылуу»

Путин: «Жаңы Зеландиядагы террордук кол салуунун максаты өлкөнү баш аламан кылуу»

Путин Крым менен Севастополдо жолугушууларды өткөрдү. Орусиянын президенти Владимир Путин, Жаңы Зеландиядагы эки мечитке болгон террордук кол салуунун өлкөнү баш аламан кылууну максаттаганын айтты. Путин Крым менен Севастополь шаарында коомчулуктун өкүлдөрү менен өткөргөн жолугушууда, Жаңы Зеландиядагы мечиттерге болгон террордук кол салууга сереп салды. Кол салууда каза тапкандар үчүн капа болгонун айткан Путин: «Жаңы Зеландиядагы коркунучтуу террордук кол салуунун максаты өлкөнү баш аламан кылуу»,-деди. Террордук кол салуулардын ар бир өлкө үчүн коркунучтуу экенин белгилеген Путин, Орусиянын…

Прочитайте больше

Американын аскерди кчыгымы жогорулады

Американын аскерди кчыгымы жогорулады

КШ Конгрессинин мусулман өкүлү: Американын аскердик бюджети өтө жогору. Американын аскердик каржылары 7 өлкөнүн каржыларын чогултуп салыштырганда да жогору турат,- деп билдирди АКШ Конгрессинин мусулман аял өкүлү Ильхан Омар. Улуттук Коопсуздук маселелеринин адистери менен бардык саясий топтор Американын коопсуздугу үчүн АКШдан тышкары өлкөлөргө 800дөй аскердик база орнотуунун кажети жок экенин билдиришет.

Прочитайте больше

Асад: Сириянын Иран жана Ирак менен мамилеси согуш учурунда бекемделди

Асад: Сириянын Иран жана Ирак менен мамилеси согуш учурунда бекемделди

Иран менен Ирактын делегациясы Сирия президенти менен жолугушту. Fna агенттигинин маалыматына ылайык, дүйшөмбү күнү Сириянын президенти Башар Асад Иран менен Ирактан барган делегация мүчөлөрүн кабыл алды. Иран Ислам Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн башкы штабынын төрагасы генерал Сардар Мухаммед Багери Иран, Ирак жана Сириянын аскердик жана коргоо тармагындагы кызматташтыктарын кеңейтүү, террорчулукка каршы күрөшүүдө үч өлкөнүн биримдигин түзүү максатында 17-мартта Дамаскка барган. Сирия президенти Ирандын Куралдуу Күчтөрүнүн башкы штабынын төрагасы жана Ирактын биргелешкен штабынын төрагасы катышкан жолугушууда “Сириянын Иран…

Прочитайте больше

Ноорузга карата Чүй проспектиси маал-маалы менен жабылат.

Ноорузга карата Чүй проспектиси маал-маалы менен жабылат.

Жол тыгындарына кабылбаш үчүн айдоочуларга башка альтернативдүү жолдорду тандоо сунушталат. Бишкек шаарында өтө турган Нооруз майрамына карата даярдыктан улам Чүй проспектиси маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди. Ага ылайык, 18, 19-мартта саат 17:00дөн 20:00гө чейин Чүй проспектиси Эркиндик бульварынан тарта Панфилов көчөсүнө дейре жабык болот. Андыктан жол тыгындарына кабылбаш үчүн айдоочуларга башка альтернативдүү жолдорду тандоо сунушталат.  

Прочитайте больше

Жаңы Зеландияда курман болгондордун жакындары үчүн каражат топтолду

Жаңы Зеландияда курман болгондордун жакындары үчүн каражат топтолду

Кайрымдуулук каражаттын 7 миллион 400 миңге жеткени белгиленди. Жаңы Зеландиянын Крайстчерч шаарында жума намазы убагында эки мечитке болгон кол салуудан каза тапкандардын жакындары үчүн 7 миллион 400 миң долларлык каражат чогулду. Өлкөнүн басма сөзүндө орун алган кабарга караганда, кол салуудан каза тапкан 50 кишинин үй-бүлөлөрү үчүн интернет аркылуу чогултулган кайрымдуулук каражаттын 7 миллион 400 миңге жеткени белгиленди. Жаңы Зеландиянын Крайстчерч шаарында жума намазы убагында эки мечитке болгон террордук кол салуудан 50 киши көз жумган.

Прочитайте больше

Индонезияда суу ташкындан каза болгондордун саны өстү

Индонезияда суу ташкындан каза болгондордун саны өстү

Индонезия бийлиги өлкөнүн Папуа провинциясынын чыгышындагы суу ташкындан каза болгондордун саны 77ге жеткенин маалымдады. Бул тууралуу Sputnik агенттиги кабарлады. Ошондой эле кеминде 116 адам жаракат алып, 60тай киши дайынсыз болууда. Аталган провинцияда 4000дей киши үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болушту. Алардын жарымы мамлекеттик мекемелерге баш калкалашты. Индонезияда жаан-чачындуу мезгил ноябрдан тартып апрелге чейин уланат. Жыл сайын нөшөрлөп жааган жаандан улам сел жүрүп, бул өлкөнүн  ар кайсы аймактарына көптөгөн зыяндарды алып келет. Ушул жылдын январь айында Сулавеси аралындагы суу…

Прочитайте больше

Жаңы Зеландияда мечитке кол салган террорчу буга чейин Израилге барып келген

Жаңы Зеландияда мечитке кол салган террорчу буга чейин Израилге барып келген

Жаңы Зеландияда эки мечитке кол салган австралиялык террорчу 2016-жылдын аягында Израилге барып, ал жакта 9 күн жүрүп келген. Бул тууралуу Reuters агенттиги кабарлаганын Fars агенттиги жазды. Маалыматка караганда, австралиялык террорчу Брентон Таррант 2016-жылдын октябрында үч айлык туристтик виза алып Израилге барган. Израиль бийлиги террорчунун бул өлкөгө келип кеткенин тастыктап, бирок ал 9 күн аралыгында эмне иш кылгандыгы тууралуу көбүрөөк маалымат жок экенин билдиришти. Reuters агенттиги  Австралия жана Жаңы Зеландиянын Тель-Авивдеги элчилигинен бул туурасында кененирээк маалымат ала алган…

Прочитайте больше

Жаңы Зеландияда аэропорттон“ шектүү баштык”табылды

Жаңы Зеландияда аэропорттон“ шектүү баштык”табылды

Жаңы Зеландияда террордук кол салуудан эки күн өткөндөн кийин, жекшемби күнү Данидин шаарынын аэропортунда шетүү баштык табылып, аэропортто кыймыл токтотулду. Fars агенттигинин маалыматына ылайык, Жаңы Зеландиянын коопсуздук кызматкерлери өлкөнүн түштүгүндө жайгашкан Данидин шаарынын аэропортунан шектүү баштыктын табылышы аэропортто кыймылды токтотууга алып келгенин билдиришти. Radio New Zealand сайтынын берген маалыматына караганда, аэропортко алып баруучу жолдор дагы жабылган жана атайын топтор шектүү баштыкты текшерүү үчүн аэропортко жөнөтүлгөн. Шектүү баштык боюнча кененирээк маалыматтар берилген жок. Бирок, күбөлөрдүн айтымында, баштык…

Прочитайте больше

Орусиянын Су-25 учактары Сирияга кайтышты

Орусиянын Су-25 учактары Сирияга кайтышты

“Defense Blog” сайты  спутниктен Орусиянын Су-25 согуш учактары Сирияга кайтуулары көрүнгөнүн жазып чыкты. Mehr агенттигинин маалыматына ылайык, “Defense Blog” сайты Image Sat компаниясынын спутниктен алынган жаңы сүрөттөрүнүн негизинде  Орусиянын Су-25 согуш учактары 1 жылдан соң кайрадан Сириянын Хмеймим аба базасына кайтып учуп келишкенин жазып чыккан. Аталган сайттын билдирүүсүндө, бул учактар акыркы жолу  2018-жылдын июль айында Хмеймим аба базасында көрүнгөн. “Defense Blog” сайты Су-25 учактарынын Хмеймимге кайтышы  менен Орусия  Сириянын түндүгүндөгү калган аймактарды бошотуу үчүн пайдалануусуна ыктымал…

Прочитайте больше
1 2 3 5