Индонезияда 55 баллдык жер титирөө болду

Индонезия метеорологиясынын климат жана геофизикалык мекемеси жер титирөөнүн жердин 10 километр тереңдигинде  болгондугун жарыялады.

Индонезиянын Сулавеси аралында 5 баллдык жер титирөө болду.

Индонезия метеорологиясынын климат жана геофизикалык мекемеси БМКГ эпицентри Ортоңку Сулавеси аймагына караштуу Донггала аймагынын 52 километр түндүк  – батышындагы жер титирөөнүн жердин 10 километр тереңдигинде  болгондугун жарыялады.

Жер титирөөдө алгачкы белгилөөлөргө караганда каза болгон же жаралангандар болгон жок. Жер титирөөдөн кийин цунами белгиси да берилбеди.

Индонезияда 2018 –  жылдын 28 –  сентябрында Сулавеси аралындагы Палу булуңунда болгон 7, 5 баллдык жер титирөө жана андан кийин болгон цунами Донггала, Палу жана Сиги аймактарын таасири астына алган. Аймакта болгон жер титирөө жана цунамиде 4 миң 340 киши каза болгон.

Комментарий жиберүү