Орусия, АКШнын Роснефтке карай коркутууларынын түшүнүксүз болгонун билдирди

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү жарыясында АКШ эскертилди.

Орусия, АКШнын Орус энергетика фирмасы Роснефтке карай коркутууларынын түшүнүксүз болгонун билдирди.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү жарыясында, АКШнын Казына министрлигинин, Венесуэланын мамлекеттик мунай зат фирмасы PDVSAга колдоо көрсөткөнү  себеби менен борбрру Орусиядагы Evrofinance Mosnarbankты да санкция тизмесине алганын эскертти.

АКШнын санкцияларды киргизүүгө чечим чыгарганын билдирген жарыяда, «Венесуэланын лидери Николас Мадурого мыйзамсыз лидер деп айткан АКШ, анын эгемендүү мамлекеттин шайланган президенти экенин унутуп жатат»,деген сөздөрүнө орун берилди.

Жарыяда АКШнын Роснефтке 2014-жылдан бери санкция киргизгенине шилтеме берип, «АКШнын мамлекттик катчысы Майк Помпеонун, Венесуэла менен кызматташканы үчүн Роснефтке карай коркутуулары түшүнүксүз. Фирма иштерин ийгиликтүү түрдө ишке ашырууга аракет кылууда. Вашингтон бийлигинин айынан Роснефт менен кызматташтыкты токтотууга аргасыз болгон АКШлык фирмалар болсо олуттуу зыянга учурашты»,деген сереп салды.

Помпео, бир топ мурда сүйлөгөн сөзүндө Венесуэладан мунай зат алууну улантышынын себебинен Роснефттин АКШ тарабынан ишке ашырылган санкцияларды бузганын жактаган.

Жарыяланды 02

Комментарий жиберүү