Сионисттер Иорданиянын Батыш жээктерине чабуул жасашты

Сионисттик режимдин аскерлери Иорданиянын Батыш жээктерине чабуул жасоо менен 11 палестиналыкты кармап кетишти.

Бул тууралуу Mehr агенттиги “аль-Ахд” маалыматына шилтеме берип жазды.
Сионисттик режимдин күчтөрү палестиналык тургундарга каршы иш-аракеттерин дагы деле улантышууда.
Берилген маалыматтарга караштуу, сионисттик күчтөр ушул максат менен Иорданиянын Батыш жээктерине чабуул коюшуп, палестиналык тургундар менен катуу кагылышышкан.
Күбөлөрдун айтымында, тирешүүнүн натыйжасында сионисттик  аскерлер 11 палестиналыкты түшүндүрмө бербестен кармап кетишкен.

Жарыяланды 02

Комментарий жиберүү