Алжирдин президенти отставкага кетти

Алжирдин телеканалы Абдулазиз Бутефлика өлкөдөгү нааразычылыктардын күчөшүнөн улам отставкага кетээрин жарыялады.Алжирдин 82-жаштагы президенти Абдулазиз Бутефлика өлкөнүн конституциясынын 102-беренесине ылайык, өз эрки менен отставкага кетээрин жарыялаган.
Белгилей кетсек, акыркы апталарда Бутефликанын талапкерлиги кайрадан өлкөдөгү президенттик шайлоолорго коюлаары боюнча маалыматтардан соң, нааразы болушкан алжирликтер массалык митингдерди уюштурушкан.
Ан-Нахар агенттиги Бутефликанын ордуна убактылуу мөөнөткө Нуруддин Бедуи президенттикке келээрин маалымдады.
Эске салсак, Абдулазиз Бутефлика 4 ирет президенттикке шайланып, 20 жыл Алжирди башкарып келген.

Жарыяланды 01

Комментарий жиберүү