Непалдагы катуу шамал 25 кишинин өмүрүн алды

Непалдын түштүк аймактарында нөшөрлөгөн жаандан жана катуу шамалдан улам кеминде 25 киши каза таап, 400гө жакыны жаракат алды.

Бул тууралуу Непалдын премьер-министри Кхадга Прасад Шарма Оли билдиргенин Farsагенттиги жазды. Маалыматка ылайык, Непалдын премьер-министри “Азыркы учурга чейин 25 киши каза таап, 400дөйү жаракат алды”, – деп өзүнүн Twitter баракчасына жазды. Ал ошондой эле катуу шамал Непалдын  борбор шаары Катмандунун түштүгүндө жайгашкан Бара жана Парса райондоруна олуттуу зыян алып келиши ыктымал экенин билдирди.

Sputnik агенттиги маалымдагандай, учурда катуу шамалдан жабыркаган аймактарда куткаруу иштери жүрүүдө. Al Jazeera телеканалы куткаруучулар Непалдын түштүгүндөгү айылдарга жетүүгө аракет кылып жатканын кабарлады. Непал полициясынын маалыматына караганда, кырсыктан каза тапкандардын кээ бирлери үйлөрүнүн дубалдарынын кулашынан жана башка нерселердин урашынан улам каза тапкан.

Белгилей кетсек, Непалда мындай аба ырайынын катаал шарттары көпчүлүк учурда жаз мезгилинде, айрыкча апрелден майга чейин болуп турат. Бирок эксперттер кечээ, 31-мартта түнү болгон катуу шамал адаттан тыш күчтүү болгонун белгилешти.

Жарыяланды 02

Комментарий жиберүү