Ооганстан калкынын жарымынан көбү жакырчылыктан жапа чегет

Ооганстандын улуттук статистика борбору азыркы учурда өлкө калкынын 52%га жакыны  көп өлчөмдүү жакырчылыктан жапа чегерин акыркы жарыялаган баяндамасында билдирди.

Бул туурасында Tasnim  агенттиги кабарлады. Изилдөө жүргүзүүдө калктын саламаттык сактоо жаатындагы маселелери, билим алуу мүмкүнчүлүгү, жашоо шарттары, ишке орноштуруу, киреше жана коопсуздук деңгээли эске алынды. Изидөөгө караганда, учурда Ооганстан элинин болжол менен 51,7%ы  көп өлчөмдүү жакырчылыктан жапа чегет.

Жакырчылыктан жапа чеккендердин көбү 18 жашка чыга элек балдар. Шаар жана айылдарда жакырчылыктын деӊгээли ар түрдүү экендигин белгилей кетүү керек. Көп өлчөмдүү жакырчылыктан шаар калкынын 18%ы жапа чексе, айыл жергесинде бул көрсөткүч 61%ды түзөт. Көп өлчөмдүү жакырчылыктан төмөнкү деңгээли 12% делип Кабулда катталса, жакырчылыктын жогорку деңгээли Ооганстандын түндүк-батышындагы Бадгис провинциясында катталды. Бул аймакта көп өлчөмдүү жакырчылыктын деңгээли 81%ды түздү.

Жарыяланды 02

Комментарий жиберүү