Украинадагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өткөрүлөт

Украина Борбордук Шайлоо Комиссиясынын төрайымы Татьяна Слипачук өткөргөн пресс  – жыйынында өлкөдөгү шайлоодо талапкерлерден эч биринин 50 пайыздан жогору добуш ала албагандыгын айтты.

Украина Борбордук Шайлоо Комиссиясы президенттик шайлоонун экинчи айлампага калгандыгын билдирди.

Украина Борбордук Шайлоо Комиссиясынын төрайымы Татьяна Слипачук өткөргөн пресс  – жыйынында өлкөдөгү шайлоодо талапкерлерден эч биринин 50 пайыздан жогору добуш ала албагандыгын айтты.

Экинчи айлампага актер  – куудул Владимир Зеленский менен учурдагы президент Петр Порошенконун калгандыгын айткан Слипачук : «Экинчи турдун болору ачык»,- деди. Слипачук добуштарды саноо улантылып жаткандыгын жана жыйынтыктарда эми көп өзгөрүнүн болбой тургандыгын билдирди.

Жалпы өлкөдө 62. 78 пайыз шайлоочу катышкан шайлоодон кийин жергиликтүү убакыт боюнча саат 12:30да добуштардын 72, 09 пайызы саналды. Ачылган үкөктөрдөн чыккан жыйынтыкка караганда талапкерлерден куудул Владимир Зеленский 30, 44 пайыздык добуш алып биринчи орунду алып, учурдагы президент Петр Порошенко болсо 16, 15 пайыздык добуш алып экинчи орунду алды.

Мурунку премьер  – министр Юлия Тимошенко болсо 13, 16 пайыздык добуш алды. Эки талапкер 21 –  апрелде боло турган экинчи айлампада президенттик үчүн жарышат.

Комментарий жиберүү