ЮНИСЕФ :Жерди кайтаруу жүрүшүндө 40 палестиналык бала курман болду

БУУнун балдарды коргоо сандыгы (ЮНИСЕФ) 28-мартта билдирүү жасап, 12 айдын ичинде Палестинадагы “Жерди кайтаруу” демонстрациясында 40 бала курман болгонун жарыялады.

Бул тууралуу IRNA агенттиги Скай ньюз маалымат порталына шилтеме берип маалымдады.
ЮНИСЕФтин Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка  региону боюнча директору Гирт Каппирале мындай деп билдирди: Жерди кайтаруу демонстрациясында 40 бала курман болуп, 3 миңдейи жаракат алган. ЮНИСЕФ балдардын мындай укук бузууларынын катталуусуна аябай нааразы.
Белгилей кетсек, палестиналыктар өткөн жылдын 30-мартынан бери ар аптанын жума күндөрү басып алынган Газада “Жерди кайтаруу” демонстрациясын өткөрүшөт.
12 айдын ичинде берилген рапортто 258 палестиналык сионисттер режиминин аскерлеринин окторуна учуп каза болушса, 6500ү жаракат алышкан.
Эске салсак, Жерди кайтаруу демонстрациясына быйыл бир жыл толоруна байланыштуу ишемби күнү 30-мартта басып алынган Газа тилкелеринде миллинго жакын адамдын катышуусунда жүрүш өтмөкчү.

Жарыяланды 01

Комментарий жиберүү