Бутефлика арызын берет

Алжирдин президенти Абдулазиз Бутефлика кызмат мөөнөтү толо турган 28 –  апрелден мурда арызын берерин жарыялады.

Алжирдин расмий маалымат агенттиги APSнин кабарына караганда президенттиктен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта : «Президент Бутефлика кызмат мөөнөтү толо турган 28 –  апрелден мурда арызын берет»,- деп билдирилди. Маалыматта арызын бергенден мурда өткөөл мезгилинде мамлекеттик мекемелердин функциясынын узун мөөнөттүү болушу үчүн маанилүү чечимдердин чыгарылары белгиленди.

Бутефлика жекшемби күнү мурунку ички иштер министри Нуреддин Бедевинин жол башчылыгындагы жаңы кабинетти билдирген.

Алжирдин президенти Бутефлика 11 –  мартта күтүлбөгөн бир чечим менен 5 –  мезгил үчүн талапкерликтен чыккандыгын, 18 –  апрелде өткөрүлүшү пландалган президенттик шайлоону кечеңдеткендигин жана өкмөттө өзгөрүүлөрдүн болорун жарыялаган.

Бутефликанын билдирүүсүнөн кийин Ахмед Уяхя өкмөтүнүн арызын бергенин жана ички иштер министри Нуреддин ел  – Бедевинин премьер  – министр болуп дайындалгандыгын билдирген.

Алжирде 1999-  жылы  президент болуп шайланган жана 4 мезгилден бери кызматын аткарып келе жаткан 82 жаштагы Абдулазиз Бутефликанын ден соолугуна байланыштуу олутту абалдардын бар экендигине карабастан дагы бир жолу талапкер болушу өлкөдө бир канча убакыттан бери митингдерге себеп болуп жаткан.

Комментарий жиберүү