Германияда мусулмандарга кол салууда жабыркагандардын саны көбөйдү

Германиянын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча 2018-жылы өлкөдөгү мечиттерге жана мусулмандарга кол салуулардын натыйжасында жабыркагандардын саны 2017-жылга салыштырмалуу көбөйгөнүн маалымдады.

Бул тууралуу Mehr агенттиги Deutsche Welle телерадиокомпаниясына шилтеме берип жазды.

Маалыматка караганда, Германияда 2018-жылы мечиттерге жана мусулмандарга 800дөн ашуун кол салуу жасалса, 2017-жылы 950 учур катталган. 2018-жылы мечиттерге  жана мусулмандарга карата кол салуулардын санынын азайганына карабастан бул окуяларда жаракат алгандардын саны 2017-жылга салыштырмалуу көбөйгөн.

Статистикага караганда, 2017-жылы мусулмандарга кол салууларда 32 киши жабыркаса, 2018-жылы жабыркагандардын саны 54кө көбөйгөн.

Германиянын мусулман коомчулугунун жетекчиси бул өлкөнүн өкмөтүнөн Германиядагы мусулмандардын коопсуздук деңгээлин жогорулатуу үчүн көбүрөөк чараларды көрүүнү суранды.

Жарыяланды 01

Комментарий жиберүү